Бишкекте “Референдумга жол жок!” аттуу жөө жүрүш өттү (Фоторепортаж)

Бишкекте бүгүн, 29-ноябрда, Эркиндик сейилбагынын темир жол бекети тарабынан “Референдумга — жол жок!” аттуу жүрүш өттү.

Акцияга шаардыктар, юридика коомчулугу, юрист Сания Токтогазиева, жарандык активисттер, Рита Карасартова, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, Жогорку Кеңештин экс — төрагасы Канатбек Исаев, экс-депутат Равшан Жээнбековжана башкалар катышты.

Акциянын катышуучулары “Референдумга -жол жок!”, “Президенттик башкарууга -жол жок!”, “Хансы — өлкө!” деп үн салып, гимнди ырдап келишти. Катышуучулар Конституция долбоору жана Конституция боюнча референдум өткөрүүгө каршы экендигин билдиришти.

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»/Алтынай Нурланова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты