Медербек Айтмырзаев: Демократиялык өлкө катары таанылган Кыргызстан үчүн мындай Конституция долбоорунун чыгышы мен үчүн күтүүсүз болду (ВИДЕО)

Аналитика

“ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө онлайн байланышта - Венгриянын Сегед шаарынан мекендешибиз, укук жана саясат таануу адиси, Сегед университетинин докторанты Медербек Айтмырзаев мейманда болду.

Конституция долбоору: “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз эмне дейт?”

- Медербек, сиз укук жана саясат адиси экенсиз, Кыргыз Республикасынын Конституция долбоору менен таанышып чыксаңыз керек. Долбоордун талашып-тартыша турган жерлерине токтоло кетсеңиз.

- Конституциянын долбоору элдик талкууга чыккан күнү эле таанышып чыккам, азыркы Конституция менен салыштырып, анализ кылып окуганбыз. Ачыгын айтсам, Борбор Азияда демократиялык өлкө катары таанылган Кыргызстан үчүн ушундай Конституция долбоорунун чыгышы мен үчүн күтүүсүз, “сюрприз” болду.

Конституциянын долбоорунда биздин өлкөдөгү көптөгөн серепчилер, юристтер айтып жаткандай эле, адам укуктарына, Конституциянын преамбуласына, Президенттин, өкмөттүн ыйгарым укуктарына байланыштуу көп сын ойлор айтылып жатат. Бул сынчыл ойлор орундуу деп ойлойм, ошолорго кошулам.

Тилекке каршы, бул Конституциянын редакциясы менен Кыргызстандын демократиялык баалуулуктарынан канча бир деңгээлге артка кеткендиги көрүнөт.

- Долбоордун кайсы жери сизди өзгөчө ойлонтту?

- Преамбуласынан баштап, адеп-ахлак салты деген көп сөздөр киргизилиптир. Биз сөзсүз түрдө өзүбүздүн салтыбызды сыйлап, аны карманып келебиз, бирок менин оюмча, бир аз ой жүгүртсөк,субъективдүү, индивидуалдуу баалуулуктарга карата булар өзгөрүшү мүмкүн, адам кандай кабыл алат. Ошондуктан мындай элементтерди мыйзамдаштырып, Конституциянын негизине койгон чоң суроолорду жаратат.

Эгерде конституциялык палата ушул нормалардын негизинде кандайдыр бир мыйзам-ченемдүү укуктарды текшерип, Конституциянын карама-каршылыгына байланыштуу деп келгенде, бул өтө чоң белгисиздик маселелерди жаратат. Анан дагы Конституция долбоору консерватизмге алып барат. Бул-преамбуласы боюнча.

Маалым болгондой, курултай институту, мен да аны туура көргөн жокмун, курултайдын заманбап институтташкан түрү бул -парламент- Жогорку Кеңеш бар. Азыркы Конституция боюнча парламентке- Жогорку Кеңешке көп ыйгарым укуктар тапшырылып, эл өкүлү, эл бийлигинин өкүлдөрү катары кабыл алышат. Курултайдын логикасы да, анын максаты да биз үчүн белгисиз болуп жатат. Өздөрү айтып жаткандай, бул ар бир региондон курултайдын өкүлдөрү алып келинип, мамлекеттик деңгээлдеги маселелер чечилет, аны чакыруу укугу Президентке гана таандык болуптур. Өзүбүз көрүп жүргөндөй, Түркмөнстан,Казакстан өлкөлөрүндө ушундай институттар бар. Ал жактагы абалды, демократиялык баалуулуктарды эске алуу менен мындай курултай сыяктуу институттун Конституцияда бекитилиши артка кетүү болуп саналат.

Токтоло кетчү берене -адам укуктары боюнча көптөгөн сын-пикирлер айтылып жатат. Белгилеп кетсем, азыркы Конституцияда сот механизми алкагында Жогорку соттон кийин эл аралык адам укугун коргоо уюмдарына кайрылуу укугу бар болчу. Жаңысында ал пунктту алып коюшуптур. Бул механизм дээрлик дүйнөнүн көп Конституцияларында бар, өзгөчө Европа мамлекеттеринде. Биз Жогорку соттон кийин укугубузду ордуна коюу үчүн Бириккен улуттар уюмунун адам укугу комитетине кайрыла алабыз. Европада болсо Европа адам укуктары сотуна кайрылат. Ошондой механизм каралган. Ошону алып койгону да адам укуктарына жетүү максатынын канчалык бир деңгээлде артка кайтуу болуп эсептелет.

Кийинки токтоло кетчү жери да өкмөттө премьер-министр деген түшүнүктүн алынуусу, өкмөт мүчөлөрүн дайындоо укугу Президентке берилиши, ошол эле учурда региондогу административдик башкармалыктардын башчыларынын Президентке берилүүсү.

Эң маанилүүлөрүнөн референдумду - Президент тарабынан дайындоосу, Президенттин Жогорку Кеңешке мыйзам демилгесин киргизүү укугу. Көрүп жатпайбызбы, Сооронбай Жээнбеков же Алмазбек Атамбаевдин убагында деле ыйгарым укуктары мурункуга салыштырмалуу аз болсо дагы, де-факто парламентти өзүнө көз каранды кылып, ар кандай демилгелерин өткөрүп келишкен. Муну дагы мыйзамдаштаргандан кийин, коркунуч потенциалы дагы жогорулайт.