​Акыйкатчы Токон Мамытов Конституция долбоору боюнча Венеция комиссиясына кайрылды

  • 3 года мурун

Акыйкатчы Токон Мамытов Европа кеңешинин Демократияга укук аркылуу комиссиясынын — Венеция комиссиясынын, төрагасы Джанни Букикиого кайрылды.

Бул кайрылууда Акыйкатчы Жогорку Кеңештин сайтына 2020-жылдын 17-ноябрында “коомдук талкуу үчүн жарыяланган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзам долбоорундагы адам укуктары жана эркиндиктери бөлүгүнө сунуштарды берүүнү суранган.

Буга чейин Венеция комиссиясы 18-ноябрда Кыргызстандагы конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоону жылдыруу маселеси боюнча корутундусун жарыялады. Комиссиянын эксперттери Кыргызстандын Жогорку Кеңеши Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча реформаны жүргүзө албай турганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты