Журналисттерге жасалган онлайн чабуул өлкөдөгү демократияга доо кетирет

Баяндар

Кыргызстандын медиа коомчулугу республикадагы журналисттер менен интернет активисттерди куугунтуктаган жосундарга байланыштуу өтө кабатыр болуп жатканын билдирет. Биз мындай иш-аракеттер өлкөдөгү альтернативдүү пикирлерди айттырбай, демократиябыздын өзөгүнө доо кетирет деп эсептейбиз.

Соӊку бир жыл ичинде Кыргызстандагы журналисттер, юристтер жана укук коргоочулар жапырт уюштурулган зордукчул онлайн опузаларга барган сайын көп кабылууда. Айрыкча журналист кыздарыбызга кысым жасагандар көп болууда. Башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, мындай түрдөгү куугунтук демейки “хейтерлик” (кайсы бир кишини жектөө) да, саясий жана бийлик түзүмдөрү жалдаган троллдордун жаалаган онлайн баскынчылыгы да болушу мүмкүн. Зомбулук көрсөтүү жөнүндөгү онлайн опузалар көбүнчө журналисттерге түздөн-түз эле кол салууга да себеп болот, көбүнчө зомбулук менен коштолот. Ошондуктан биз муну олуттуу карап, пикир айтуу эркиндигине реалдуу коркунуч келтирүүчү көрүнүш катары баалайбыз.

Кыргызстанда 2019-жылы журналисттер бажыкананын ишмердигин иликтегендиги үчүн онлайн чабуулдарга кабылган эле. Быйыл сентябрда мындай чабуул парламенттик шайлоону утурлай партиялар жана алардын лидерлери жөнүндөгү сынчыл материалдарга байланыштуу улантылды. Азыр болсо кыргыз журналисттерине интернеттен куугунтук ого бетер катуулап, кеӊири жүрүүдө, уруп-сабайбыз, кол салабыз деп опузалагандар көбөйдү. Бул ирет журналисттер опузачылардын жаалап киришине Конституциянын жаӊы редакциясын сындаганы же Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жол-жоболорунун бузулушу жөнүндө коомго кабарлаганы үчүн кабылып жатат.

Алсак, ушул күндөрдө Конституциянын жаӊы редакциясын сындаганы үчүн журналист кыздарыбыз Канышай Мамыркулова, Айзада Касмалиева, Назира Айтбекова, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова, юрист Сания Токтогазиева жана башкалар куугунтукка тушукту. Аларды коркуткандар өлкөдөгү окуяларды чагылдырбасын, өз пикирлерин айтпасын деп жекече опузалап, акарат кылып, каралап жатышат.

Айрым саясий ишмерлер журналисттердин интернетте кысымга алынышына шыкакчы болуп жатканын да өзгөчө белгилей кетиш керек. Алар тикелей эле көкүтүп же мындай орой жосундарга көз жуумп коюп, жазасыз калгандардын ого бетер чийинден чыгышына өбөлгө түзүп келишет. Буга байланыштуу биз саясий лидерлерди журналисттерди жана өздөрүнүн конституциялык укуктарын жүзөгө ашырып, жеке пикирлерин айтып жаткан башка жарандарды акарат кылуудан өзүӊөр да тартынып, тарапкерлериӊердин да олнайн опузалоо жана зомбулук аракеттерин ачык-айкын, кескин айыптагыла деп чакырабыз.

Биз жалпы таанылган адам укуктарын сактаган укуктук мамлекетти куруу үчүн баардык саясий күчтөр Конституциянын ченемдерин, эл аралык укуктун ченемдерин катуу сакташы, баардык жарандарга башка адамдардын өз пикир айтуу укугун сыйлоо менен өлкөдөгү саясий процесстер боюнча жекече ойлорун билдирүү мүмкүнчүлүгүн камсыздашы керек деп эсептейбиз. Өз кезегинде укук сактоо органдары да журналисттерге карата жасалып жаткан кол салуулар менен байланышкан иштерди ыкчам териштириши керек..

“Медиа Полиси Институту” КФ

Журналисттик иликтөөлөр фонду

“Апрель” телеканалы

“Кактус Медиа”

“Интерньюс-Нетуорк” өкүлчүлүгү

Тынымгүл Эшиева

Диля Юсупова

Лейла Саралаева

Тамара Валиева

Дилбар Алимова,

“ПолитКлиника” медиасы

Кайыргүл Урумканова,

ГовориТВ

“Медиа өнүктүрүү борбору” КФ

“Азаттык Медиа”

Семетей Аманбеков

Журналисттердин көз карандысыз шериктештиги

Авланбек Джумабаев

ТРК «Т-Медиа групп»

Т. Турсуналиев атындагы Медиамектеп

Данияр Садиев

24_kg

Алена Хоменко

ОО «Журналисты»

Жолдош Турдубаев