​Кар жаап, аба ырайы кескин сууктайт

  • 3 года мурун

Эртең, 28-ноябрда жана 29-ноябрда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлүп, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Бул тууралуу өзгчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундуна 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

29-30-ноябрда абанын температурасы кескин төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, түндүгүндө -12…-17°, күндүз -4…-9°;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…+2°, тоо этектеринде түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6°;

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10°, чыгышында -8…-13° суук, күндүз 0…-5°;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13…-18°, күндүз -6…-11°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29°, күндүз -13…-18° суук болушу күтүлөт.

Иллюстрациялык сүрөт. meria.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты