​Герпес (учук) коронавирусту жеңе алары далилденген эмес. Фактчекинг

Facebook тармагында “Учук коронавирусту жеңе алат деген” бир колдонуучунун посту жарыяланган. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

АBAL.KG сайты жазып чыккан маалымат боюнча COVID-19дун маңызына анын мутацияланышы гана таасир этпейт. Башка вирустар менен алакага кириши анын күчүн жоготушу мүмкүн. Мисалы, герпес (учук) коронавирустун организимде өөрчүшүн токтотууга жөндөмдүү. Бул тууралуу «Вечерняя Москва» басылмасына, врач-терапевт, клиникалык фармаколог, медицина илимдеринин кандидаты Андрей Кондрахин айтып берген.

Андрей Кондрахин: “Герпес менен ооруган адамдарда жаңы коронавирустун өнүгүшү токтоп калууда, анткени ал ковидди сүрүп чыгарат. Азырынча бул маалыматтар так тастыктала элек, бирок вирустар экосистемада үстөмдүк кылуу үчүн күрөшүп жатканы да айдан ачык. Балким, бул салгылашта герпес жеңип жатат”, — деп билдирген.

Бул тууралуу башка дүйнөлүк маалыматтар

Thailand Medical News илимий басылмасы билдиргендей Covid-19 инфекциясы уйкудагы герпести козгошу мүмкүн. Тактап айтканда Herpes Zoster Simplex Zoster оорулары ден-соолуктун жалпы абалынын начарлашынан улам коронавирус инфекциясы менен активдешет. Герпес менен Covid-19 дун ортосунда байланыш барбы, герпес инфекциясы Covid-19 вирусун жуктуруу мүмкүнчүлүгү медицина кызматкерлерин ойлондуруп жатат.

Wiley Online Library китепканасында жарыяланган Египеттин клиникалык отчетторунда COVID-19 инфекциясы менен ооруган адамдарда ар кандай тери оорулары байкалганын жазылган. Герпес — бул чечек оорусу менен шартталган, тери нервдеринин арткы тамыр ганглиясында активдүү бойдон кала турган теринин вирустук оорусу. Отчетто герпес менен пайда болгон COVID-19 инфекциясынын эки учурун сүрөттөлгөн. “Пандемия учурунда бейтаптарда герпестин пайда болушу, SARS-CОV2 инфекциясынын эскертүү белгиси катары каралышы керек деп айтууга даярбыз”,-деп билдиришкен. Мындай бейтаптарды кылдаттык менен көзөмөлдөө керек. Бул бейтаптар байкабастан COVID-19 инфекциясынын жайылышына салым кошо алышарын жазышкан.

Мындай маалымат Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун официалдуу баракчасында жарык көргөн.

Ал эми Италиянын клиникалык изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча тери ооруулары менен коштолгон COVID-19дун 4 учуру катталган. Италиялык изилдөөчүлөрдүн ою боюнча мындай көрүнүш SARS-GOV-2 инфекциясы лейкоциттердин санын төмөндөтөт. Изилдөөдө турган бейтаптардын баары 65 жаштан жогору болушкан жана бардыгында CD3+, CD8+ лейкоциттеринин төмөндөгөнү байкалган.

Азырынча бул теорияны тастыктаган так маалыматтар жок. Илимий изилдөө борборлорунун кортундусу жарыялана элек. Бирок жакын арада британиялык изилдөөчүлөр айтылган версияны иш жүзүндө текшерип көрүү үчүн, адамдарды жасалма жол менен жуктурууну пландаштырууда.

Жыйынтык: Герпес коронавирусту жеңе ала тургандыгы далилденген эмес

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты