​Жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлоо иши боюнча өкүм чыкты

  • 3 года мурун

Бишкектин Ленин райондук соту жашы жете элек кызды сойкулукка мажбурлоо иши боюнча өкүм чыгарды. Бул тууралуу адвокат Айнура Осмоналиева билдирди.

Анын айтымында, күнөөлүү деп табылган үч айыпталуучу 6 жылдан 7 жылга чейинки мөөнөттөргө эркинен ажыратылды. Мындан тышкары 70 миң сом өлчөмүндө айып пул жана 100 миң сом компенсация төлөөгө милдеттендирилди. Ошол эле маалда аларга карата мунапыс колдонулуп, камактагы мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскартылды.

2019-жылы ноябрда белгисиз адамдар II топтогу 16 жашар майып кызды уурдап кетип, Бишкекте эки жума сойкуканада кармап турушкан. Ал жерде кызды кардарларды тейлөөгө мажбурлашкан.

Милиция бул иштин алкагында «Сойкулукка мажбурлоо» жана «Адам уурдоо» беренелери боюнча тергөө иштерин баштаган. Биринчи берене боюнча сойкуканада иштеген үч аял камакка алынган. Экинчи берене боюнча айып тагылган сойкукана ээси бүгүнкү күнгө чейин кармала элек.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты