​Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди

  • 3 года мурун

Конституциялык кеңешменин курамына өзгөртүүлөр киргизилди.

Бул тууралуу жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кол койду.

Конституциялык кеңешменин ишине активдүү катышууну каалагандардын саны көбөйгөндүгүн эске алып, ошондой эле конституциялык реформа боюнча ишке жарандарды, коомдук уюмдарды жана көз карандысыз эксперттерди тартууну, ар кандай пикирлерди толук эске алууну камсыз кылуу максатында, Конституциянын 65 жана 68-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

Канат Керезбеков үй-бүлөлүк жагдайына байланыштуу кеңешменин курамынан чыгарылсын.

Конституциялык кеңешменин курамына төмөнкү жарандар киргизилсин:

— Чолпонбек Абыкеев — коомдук ишмер;

— Мурат Укушев — көз карандысыз эксперт, конституционалист;

— Алмамбет Шыкмаматов — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс-депутаты;

— Төлөйкан Исмаилова — «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун директору;

— Мурат Карыпов — тобокелдиктерди жана кырсыктарды алдын алуу боюнча эксперт, «Плюрализм» гезитинин редактору;

— Айдарбек Мамбеткадыров — көз карандысыз эксперт-юрист;

— Асел Абакирова– юридика илимдеринин кандитаты, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин конституциялык жана административдик укук кафедрасынын доценти;

— Кантемир Мурзабеков — Жогорку Кеңештин экс-депутаты;

— Муратбек Иманкулов — Кыргыз билим берүү академиясынын билим берүү жаатында социалдык-гуманитардык көйгөйлөр лабораториясынын башчысы;

— Таалайбек Шамурзаев — Б. Ельцин атындагы КРСУнун Жазык процесси жана криминалистика кафедрасынын башчысы, профессор, юридика илимдеринин доктору.

20-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов Конституциялык кеңешме түзүү жарлыгын чыгарган.

Анда Конституциялык кеңешменин курамы бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты