​COVID-19: 378 учуру катталды. 4 киши каза тапты

  • 3 года мурун

25-ноябрдагы маалымат боюнча өткөн суткада коронавирустун 378 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 80;

Ош — 11;
Чүй облусу – 111 ;
Ош облусу — 45 ;
Талас облусу — 11 ;
Нарын облусу — 10 ;
Ысык-Көл облусу – 28;
Жалал-Абад облусу – 54 ;
Баткен облусу — 28.

Бардыгы болуп бир сутка ичинде катталгандар: 378.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада стационардан 3, үй карантининен 5 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 3842 учур катталды, алардын ичинен 3560 медкызматкер сакайды.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 70744 кишиге жетти.

Коронавирустан 455 киши айыкты. Айыгып чыккандардын жалпы саны 62048 жетти.

4 бейтап каза тапты. Каза тапкандардын жалпы саны 1245 кишиге жетти (Расмий такталып чыккандан кийин).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты