Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды

  • 3 года мурун

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев кармалды. Ал кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча кылмышка шектелүүдө.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

УКМК маалымдагандай, Президенттин парламенттеги өкүлү кайсы бир партия кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик ишана жетекчилеринин биринен 7 млн сомдон ашуу каражатты берүүгө мажбурлаган.

Дыйканбаев Курманбек — Президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2018-жылы 14-февралда дайындалган.

Курманбек Дыйканбаев 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңеш депутаттыгына “Биримдик” партиясынан талапкер болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты