Мамлекеттик гимндин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев дүйнөдөн өттү

  • 3 года мурун

2020-жылдын 24-ноябрында 78 жаш курагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири, белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев катуу оорудан соң дүйнөдөн кайтты.

Шабданбек Кулуев 1942-жылы 1-январда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин механика-математика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1963-жылы Жайыл районундагы Кызыл-Ой, Каракол айылдарынын орто мектептеринде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1969-1990-жылдары Жумгал районундагы Жумгал, М. В. Фрунзе атындагы орто мектептерде директордун тарбия иштери боюнча орун басары, директор, 1990-2006-жылдары Жайыл районунун Түркмөн атындагы орто мектепте математика мугалими болуп эмгектенген.

Шабданбек Кулуевдин «Куланчы мерген», «Алас-алас», «Кийик-Сай», «Кылымдар жаңырыгы», «Сезим кайрыктары» ыр жыйнактары, «Мидин минткен экен» сатиралык аңгемелер жыйнагы, «Эл-жер баяны», «Өмүр издери» публицистикалык жыйнактары жарык көргөн.

1994- жылы «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамы, 2011-жылы «Кыргыз Республикасынын эл мугалими» ардактуу наамы ыйгарылган.

Кыргыз улуттук маданиятына жана билим берүү тармагына, кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан Шабданбек Кулуевдин адамдык парасаты жана жаркын элеси элдин жүрөгүндө сакталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты