"Венеция комиссиясы эмнеге киришип жатат?" дегендерге түшүндүрүп беребиз

Жаңылыктар

Венеция комиссиясы өзүнүн корутундусунда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын Конституциялык реформа өткөрүүгө укугу жок экенин тастыктаган. Коомчулукта “Венеция уюмунун эмне тиешеси бар? Бизди Венеция башкарабы?” деген пикирлер айтылып жатат.

Венеция комиссиясы деген эмне жана анын функциясы кандай? Түшүндүрүп беребиз

Венеция комиссиясы жөнүндө

Венеция Комиссиясы 1990-жылы Берлин дубалы кулагандан көп өтпөй түзүлгөн.

Бул Венеция Комиссиясынын конституциялык маселелер боюнча консультативдик органы.

Комиссия биринчи кезекте конституциялык укук жаатында иш алып барат, сунуштарды берет, "шашылыш конституциялык жардамды" көрсөтөт жана Европа Кеңешинин мамлекеттеринин жана органдарынын жана башка эл аралык уюмдардын өтүнүчү боюнча конституциялык мүнөздөгү документтерди талдайт.

Венеция комиссиясынын курамына Европа Кеңешине мүчө 47 мамлекеттин бардыгы кирет. 2004-жылы Кыргызстан мүчө болуп кирген. Азыр Комиссияга 62 мамлекет катталган.

Комиссиянын ишмердүүлүгү

Венеция Комиссиясынын ишмердүүлүгү үч принципке негизделет: - демократия, адам укуктарын коргоо жана мыйзамдуулук.

Венеция комиссиясынын негизги милдети - мамлекеттерге, кароого берилген мыйзам долбоорлору же буга чейин колдонулуп жаткан мыйзамдар боюнча "укуктук корутунду" түрүндө укуктук кеңеш берүү. Ошондой эле, актуалдуу маселелер боюнча изилдөө жана отчетторду жарыялайт.

Демократиянын сапаты мыйзамдардын сапатынан гана эмес, алардын аткарылышынан дагы көз каранды болгондуктан, Комиссия конституциялык соттор, парламенттер, борбордук шайлоо комиссиялары жана университеттер менен кызматташып семинарларды жана конференцияларды өткөрөт

Комиссия өз чечимин таңуулабайт

Конституциялык маселелер боюнча жардам көрсөтүүдө, комиссиялар жумушчу топту түзүп, же конституциялык документтерди иштеп чыгууга көмөктөшөт, же бир мыйзамдагы сунуштар европалык стандарттарга канчалык шайкеш келерин корутундулайт. Корутунду тиешелүү мамлекетке өткөрүлүп берилгенге чейин жалпы Комиссиянын пленардык отурумунда кароого жана бекитүүгө коюлат.

Жумушчу топ, мүмкүн болушунча, кырдаалга объективдүү көз карашты калыптандыруу максатында, мамлекеттерге барып, саясий актерлор менен жолугушат. Жалпы жыйында корутундунун долбоорун талкуулоодо тийиштүү өлкөнүн өкүлү Комиссияда сөз сүйлөөгө чакырылышы мүмкүн.

Көпчүлүк учурларда Комиссиянын корутундулары эске алынгандыгына карабастан, Венеция Комиссиясы өз чечимин таңуулоону максат кылбайт, тескерисинче, директиваларга караганда диалог ыкмасын колдонуп, пикир алмашууну туура көрөт.

Корутундунун долбоорлоруна карата бийлик Комиссияга комментарийлерди жөнөтө алат. Даярдалган корутундуларды адатта кызыктар өлкөлөр эске алышат.

Венеция комиссиясы жана Кыргызстан

2016-жылдын аягында Венеция комиссиясы Европа Биримдиги менен Кыргызстанда жаңы шайлоо долбоорун ишке ашыруу боюнча кызматташтык келишимине кол койгон. Долбоордун жалпы бюджети 710,000,00 еврону түзгөн. Долбоор “Кыргыз Республикасында шайлоо реформасы аркылуу демократияны бекемдөөгө колдоо көрсөтүү” деп аталат. Долбоор кыргыз бийлигине Евробиримдиктин “Шайлоо реформасы аркылуу демократияны чыңдоо. Секторду реформалоо келишими” макулдашуусу менен шайлоо реформасын өткөрүүдөгү милдеттерин бекемдөөгө жана 2013-2017-жылдар аралыгындагы улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясына ырастоого жардам берген. Долбоор 2019-жылдын 31-июлунда аяктаган.

Конституциялык реформа жөнүндө

Комиссия конституциялык реформага байланыштуу парламенттик шайлоонун жылдырылышы жөнүндө шашылыш биргелешкен Amicus curiae корутундусун жарыялады. Бул корутунду Кыргызстандын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын өтүнүчү боюнча 2020-жылдын 4-ноябрында даярдалган.

Венеция комиссиясы Аmicus curiae корутундусунда шайлоону мөөнөтүн аяктап жаткан парламент тарабынан кийинкиге калтыруу боюнча улуттук тажрыйба жок болсо дагы, эл аралык принциптер менен мыкты демократиялык тажрыйбалардын сакталышын камсыз кылуу үчүн бир нече критерийлерди сактоо керектигин белгилейт.

Комиссия парламенттин ыйгарым укуктары конституциялык мөөнөттөн ашып, шайлоо кийинкиге калтырылгандыктан, парламент өзүнүн ыйгарым укуктарын гана төмөндөтүп, конституциялык реформаларды жүзөгө ашырууга эч кандай легитимдүүлүк жок экендигин ачык айгинелейт. Кандай болгон күндө дагы, конституцияга жана мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр конституция жана мыйзам тарабынан белгиленген тартипке жана мөөнөткө ылайык келиши керек.

“Укпай кое албайбыз”

Юридикалык илимдердин доктору Сания Токтогазиева Венеция комиссиясынын кортундусу жөнүндө буларга токтолду:

“Венеция комиссияся мыйзамсыз жол менен мөөнөтүн узарткан парламент Конституциялык реформа сыяктуу өзгөчө абалдагы документтерди кабыл ала албайт деп бүтүм чыгарды. Алардын корутундусу демократиянын жана конституциянализмдин дүйнөлүк стандартынын чагылдырылышы десек болот. Алардын сунушун башка өлкөлөр укпай кое албайт. Себеби, укпай коюу мамлекеттин беделине, эл аралык кызматташуусуна кедергесин тийгизет. Андыктан КРнын Конституциялык палатасы Венециялык кеңештин сунуштарын эске алып, Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алган мыйзамын мыйзамсыз деп табыш керек”, - деди.