​Кыргызстандын юристтер жамааты Конституциянын жаңы долбоору боюнча билдирүү таратты

Кыргызстандын юристтер жамааты 17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан демилгеленип, коомдук талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбооруна анализ жасашкан.

Конституциялык реформа эмне үчүн мыйзамсыз жана легитимсиз?

Өзгөртүүнү так ким демилгелейт алат эле? (Өз ишин жасалма түрдө узарткан легитимсиз ЖКнын 6-чакырылышынын депутаттары)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алтынчы чакырылышы КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укугуна ээ эмес, анткени конституциялык иштөө мөөнөтү аяктаган. КР Конституциясынын 114-беренесине ылайык премьер-министр да, президент да Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албайт. Конституцияны реформалоо демилгеси Жогорку Кеңешке гана таандык.

Азыркы 6-чакырылыштагы ЖКнын мыйзамдуу жана мыйзамдуу өзгөртүү киргизүүгө же референдум дайындоого укугу барбы? Жооп- ЖОК.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесине ылайык ЖК туура беш жылдык мөөнөткө шайланат. 6-чакырылыштын кызмат мөөнөтү 2020-жылдын 28-октябрында аяктаган.

Ошол эле учурда, Конституциянын 71-беренеси боюнча ЖКнын биринчи жыйыны болгон күндөн тартып мурунку чакырылыштын ыйгарым укуктары токтотулат.

2020-жылдын 4-октябрындагы шайлоонун жыйынтыктары БШК мыйзамсыз деп тапкандыгына байланыштуу, азыр жаңы парламенттик чакырылыш жок.

6-чакырылыш бийликтин вакуумунун алдын алуу үчүн ишин улантууга аргасыз. Бирок, бул чакырылыштын мындан ары конституциялык референдум сыяктуу фундаменталдык, өзгөчө чараларды кабыл алууга укугу жок. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү ЖКнын 7-чакырылышы гана өткөрө алат.

Иш жүзүндө Конституцияны өзгөртүү эмес, алмаштыруу болуп жатат жана Конституциянын долбоорун коомго жана өлкөгө жасалма «таңуулоо» болууда.

Конституциялык түзүлүштүн негиздерин, мамлекеттик башкаруу формасын, конституциянын иденттүүлүгүн өзгөртүү конституцияны алмаштыруу же конституциялык мыйзамда айтылгандай «Конституцияны жиликтөө» болуп эсептелет.

Мындай кырдаалда конституциянын даяр долбоорун коомдук талкууга коюу (айрым деталдарды өзгөртүү мүмкүнчүлүгү менен, бирок логикасын жана негизгин эмес) документтин долбоорун талкуулоого кыска мөөнөт берүү, жаңы Конституциянын коомго жасалма күч менен «таңууланышын» билдирет.

Коомдук талкууга коюлган Конституциянын долбоору конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү эмес аны таптакыр жаңысына алмаштыруу аракети болуп жатат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 114-беренеси боюнча ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү гана киргизүүгө болот.

Венеция комиссиясы, Amicus Curiae аттуу шашылыш билдирүүсүндө, азыркы парламент өзгөчө чараларды, анын ичинде анын ичинде конституциялык реформаларды беките албайт деген жыйынтыкка келген.

«Пророгация мезгилинде, б.а. ыйгарым укуктарынын азайышы учурунда парламент

кээ бир жөнөкөй функциялар гана аткара алат. А азыркы парламент

конституциялык мыйзамды токтотуп, демократиялык эрежелерди өзгөртүп жатат. Конституциялык реформаны баштоо жана жүзөгө ашыруу процесси ар тараптуу талдоону талап кылат. Кандай болгон күндө дагы конституциялык процедураларды жана мөөнттөрдү так аткаруу керек.

Конституциянын долбоорун коомдук жана эксперттик кеңири талкуулоо жаатындагы мыйзам бузуулар: (купуялуулук, шашылыш)

Долбоорду даярдоонун купуялуулугу жана ачык-айкын эместиги байкалат.

Процессте кайсы юристтер, эксперттер катышкандыгы белгисиз. Конституция «социалдык келишим» болуп эсептелет. Аны таңуулоого болбойт, бирок коомдук жана эксперттик талкуу сыяктуу элдик колдоого ээ болушу керек. Конституциялык жыйналыштын механизми түзүлгөн эмес. Бул кадимки практика

жана бардык демократиялык өлкөлөрдөгү талап.

Конституциянын долбоорунда жалпы кабыл алынган демократиялык принциптерге дал келбеген сунуштар камтылган, ошондой эле бир катар олуттуу карама-каршылыктар камтыйт. (бул юридикалык маанидеги өтө «чийки» документ)

➢ Өлкөнүн саясий системасында АВТОРИТАРИЗМДИ КҮЧӨТҮҮ ҮЧҮН ПОТЕНЦИАЛ бир кыйла жогорулады (бир субъекттин колуна бийликти узурпациялоого шарттар түзүлүп жатат).

Бимйлик бутактары оросунда тең салмактуулуктун жоктугу мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү(мыйзам чыгаруу бийлиги, аткаруу бийлиги, сот бийлиги) принцибин ишке ашырууда дисбалансты жаратат. Дисбалансты биринчи кезекте соттордун көзкарандысыздыгынын кепилдигин азайтуу жана ошондой эле бардык күч структураларынын Президенттин колуна топтолушунда болуп жатат.

➢ СОТ БИЙЛИГИНИН КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫГЫНАН КЕПИЛДИКТЕРДИ КЫСКАРТУУ

▪ Конституциянын долбоорунда тең салмактуулук механизмдеринин жоктугу

Президенттин жана аткаруу бийлиги институтун күчүн ашкере бекемдейт. Мыйзам долбоорунда соттордун ишмердүүлүгүнө жолтоо болбоо кепилдиги каралган эмес.

▪ Мисалы, долбоордун 84-беренесинде Конституциялык Соттун жана Жогорку Соттун төрагаларын Президент дайындайт.

➢ Маалымат чөйрөсүндөгү ЦЕНЗУРА жана мамлекеттик башкаруудагы саясий системасында ой-пикирлердин плюрализми принцибине коркунуч.

Биринчиден- ММКнын ишине түздөн-түз цензуранын киргизилиши. Конституциянын 23-беренеси өлкөдө цензураны орнотот жана коомдук адеп-ахлактуулукту чыңдоо деген шылтоо менен сөз эркиндигинин принциби каршы келген олуттуу кесепеттерге алып келет. Долбоорду даярдоо процессинин ачык көрсөтүлбөгөнү, «жалпы таанылган адеп-ахлактык баалуулуктар жана каада-салттар» пунктунун такталбаганы, жана текстти эркин издөө, алуу, сактоо, маалыматты пайдалануу жана оозеки, жазуу жүзүндө же башка жол менен жайылтуу (бул эл аралык конвенцияларда жалпы таанылган жоболор) укугун алып салуу, 23-берене мамлекеттик цензураны орнотуу үчүн шылтоо деген жыйынтыкты берет.

Экинчиси, жаңы долбоор бардык күч түзүмдөрү, укук коргоо жана көзөмөл структураларынын (анын ичинде азыркы Конституцияга ылайык парламенттин алдында жооп берген Ички иштер министрлиги жана жарым аскерлештирилген башкармалыктар ) Президенттин колуна өтөт. Долбоордо мыйзам чыгаруу жана сот органдарынын көзкарандысыздыгын камсыз кылуучу кепилдиктер каралган эмес. Бийликтин бир бутагын бир тараптуу бекемдөөчү беренелер жазылган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты