Сания Токтогазиева: Венеция комиссиясы да ЖКнын 6-чакырылышынын конституциялык реформа өткөрүүгө укугу жок экенин тастыктады

Анда сөз сүйлөгөн юридика илимдеринин доктору, конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиеванын пикирин келтире кетели.

-Азыр сунушталып жаткан Конституциялык реформа легитимсиз, Себеби Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышы конституциялык реформа жасоого укуксуз. Жогорку Кеңеш конституциялык негизги ченемди бузуу менен жасалма түрдө өз мөөнөтүн узартып алды.

6-чакырылыштын мөөнөтү бийликтин ваакуму болбошу үчүн гана узартылган.

Сунушталган Конституция долбоору бул Конституцияга толуктоолор эмес, де-факто толугу менен жаңы Конституция долбоору болуп калган. Сунушталган Конституция долбоорун жасалма жол менен кыргыз жарандарына таңуулоо болуп саналат.

Эксперттик коомчулукта талкуулоо эске алынган эмес. Конституция долбоору жашыруун даярдалган, анын авторлору белгисиз.

Конституция долбоорунда эл аралык ченемдерге каршы келген жоболор бар, сөз эркиндигине доо кетет, сөз эркиндиги Кыргыз Республикасы үчүн чоң баалуулук, цензура киргизилген, авторитаризмге жол берилген, күчтөрдүн тең салмактуулугу сакталган эмес.

Мурдагы күнү Венеция комиссиясы чукул корутундусунда Жогорку Кеңештин мөөнөтүн узартып алганы менен, Конституциялык реформаны жүргүзүүгө укугу жок экенин тастыктады.

Венеция комиссиясы конституциялык укук боюнча консультативдик орган,, анын корутундусу сунуш берүүчү гана мүнөзгө ээ болсо дагы, аны эч бир мамлекеттин сунуштардын четке кагууга дити барбайт. Аны эске албай коюу чоң кесепеттерге алып келет

Конституциялык палата Венеция комиссиясынын корутундусун эске алышы керек.

Конституция боюнча Жогоку Кеңеш өз алдынча мөөнөтүн узартып алууга укугу жок.

Жогорку Кеңешке кайра шайлоо өткөрүлүшү керек. Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы гана конституциялык реформаны өтөрүшү керек, — деди Сания Токтогазиева.

Конституция долбоору талкууга коюлары менен коомчулуктун сын -пикирине кабылды. Конституция долбоору өлкөнү артка тартаары,орто кылымдарга алып барары Кыргызстанга коркунуч келээри белгиленип жатат.

Сания Токтогазиеванын «ПолитКлиника» медиасынын «Сереп» берүүсүнө контситуциялык рефлрм боюнча берген маеги менен бул шилтемеден тааныша аласыздар.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты