Opendemocracy: “Ар биринин 200гө жакын аккаунту бар”. Кыргызстандагы троллдор фабрикасы кандай иштейт?

Иликтөөлөр

Opendemocracy Кыргызстандагы Интернет-троллинг тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Кыргызстандагы "Тролл фабрикалары" тууралуу айтылат.

Кыргызстанда Интернет-троллинг эң күчтүү саясий куралдардын бири гана эмес, кирешелүү бизнеске да айланды. "Тролл фабрикалары" деп аталган ишкананын кызматкерлери, аты-жөнүн жашыруун болгон шартта, oDRге өлкөдө интернет-пропаганда кандайча уюштурулгандыгын айтып беришти.

Кыргыз социалдык медиа сегментинде көптөгөн жасалма аккаунттарды акы төлөнүүчү троллингдин куралы катары колдонушат. Интернет-троллдордун негизги принциби - коомдук пикирге таасир этүү максатында атайылап жалган маалыматтарды жайылтуу. Көпчүлүк учурларда мындай кызматтарды саясатчылар жана белгилүү инсандар колдонушат. Алардын кызыкчылыктарын "тролл фабрикалары" коргошот. Төлөнгөн акчага жараша буюртма берүүчүнүн имиджин, образын калыптандырышат.

Күн сайын алар керектүү макалага “лайк” коюшат, ар кандай ЖМКлардын макалаларынын алдына ондогон мактоо комментарийлерди калтырышат, ошондой эле жакпагандарын жаманатты кылышат. Жасалма аккаунттардын бир топ өзгөчөлүктөрү бар: профиль жакында гана түзүлгөн болот, жеке сүрөттөр жана өздүгү жөнүндө маалыматтар дээрлик жок, колдонуучунун өзүнүн баракчасында достору жана билдирүүлөрү аз.

Бирок жасалма профилдерди чыныгы профилдерден айырмалоо барган сайын кыйын болуп баратат. Көпчүлүк учурда блоктоонун жана ачыкка чыгаруулардын айынан троллдор жасалма аккаунттарда жашоонун көрүнүшүн түзүүнү, аларды контент менен толтурууну жана башка колдонуучулар менен өз ара аракеттенүүнү үйрөнүштү.

Тажрыйбалуу троллдор компроматтарды чогултуу, бурмаланган маалыматтардын жарыяланышы, ушак-айыңдар жана ачыктан-ачык жалаа жабуу сыяктуу методдорду колдонушат. Алар комментарийлерде карама-каршы көз карашты билдирген башка колдонуучулар менен агрессивдүү түрдө талашып-тартышат. Ушундай жигердүү позициянын аркасынан, билбеген адамдарга троллдор көтөргөн пикир коомдо үстөмдүк кылып жаткандай таасир калтырышы мүмкүн.

"Тролл фабрикалары" кимге иштегендиги жөнүндө маалыматтар аз. Ага карабастан, журналисттер үгүт иштеринде: Матраимовдордун үй-бүлөсү, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаевге жасалма аккаунттар колдонулганын табышты. Октябрь айынын башында шайлоого катышкан Жээнбеков жана "Мекеним Кыргызстанга" иштеген троллдорунун армиясы, учурда премьер-министр жана Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун кызыкчылыгына иштей баштады. Алардан тышкары, айрым саясатчыларды жана партияларды колдоо же тескерисинче, аларды каралоо менен алектенген троллдордун чакан тобу бар.

Фейк баракчага мисал– Талайгуль Омуралиева. Профилдик сүрөт жана арткы баракча 2020-жылдын 22-октябрында жүктөлгөн. Сүрөт Россия-Вице-мисс2018 болгон Наталья Строеваныкы болуп чыкты.

Кыргызстандагы жок кесип

Кыргызстанда тааныш-билиш аркылуу гана "тролл фабрикасынын" кызматкери болуп калуу мүмкүн. Жумуш издөө сайттарында андай вакансиялар жок. Мындай "фабрикалар" негизинен Бишкек шаарында топтолгону белгилүү. Алар купуялуулук мөөрү менен иштешет, андыктан бул базардын масштабын аныктоо мүмкүн эмес.

oDR сегиз тролл менен байланышууга жетишти, бирок алардын үчөө гана ананимдүүлүгү сакталат деген шарт менен маектешүүгө макул болушту. Калгандары өзүлөрүнүн баш тартуусун жумушсуз калгылары келбегендиги жана жалпысынан өз коопсуздугунан коркушканы менен түшүндүрүштү.

Арсен (аты өзгөртүлдү) 2019-жылдан 2020-жылга чейин тааныштары аркылуу кирген "заводдорунун" биринде тролл болуп иштеген. Арсенге оңой эмгек жана жакшы акча үчүн тролл болууга макул болгон. Арсендин саясат жөнүндө билими өзүнүн кесиптештери сыяктуу күчтүү болгон эмес. Бирок, бул алар үчүн чоң тоскоолдук болгон жок. "Биз Бишкектин чыгыш тарабындагы чакан кеңседе иштедик. Биздин кардарларыбыз белгилүү саясатчылар, репутациясы булгангандар, ошондой эле ири компаниялардын ээлери болушчу-, деди Арсен oDR менен болгон маегинде-.

Биз аларды социалдык тармактарда коргоп, колдоп берчүбүз. Бирок, кардарларыбыздын атаандаштарын карала деп кайрылган учурлар дагы болгон. Мени менен дагы бир нече балдар иштешти. Биз баарыбыз 25 жашка чейин элек. Биз күнү-түнү комментарийлерди жазчубуз: бирөө күндүз, бирөө түнкүсүн мөнөттө турчу”.

Оппоненттер менен болгон талкууда аларга бардык жолдорду колдонууга уруксат беришкен, анын ичинде орой сөздөрдү жана акаараттар да бар

Бул "тролл фабрикасынын" ишмердүүлүгү Кыргызстандагы эң популярдуу социалдык тармактар болгон Facebook жана Instagram ды камтыйт. Айрым учурларда алар Twitter, YouTube жана башка сайттарга комментарий калтырышкан. Лайктар жана репосттор аркылуу троллдор жасалма жол менен атайын тапшырылган темаларды трендге айландырышты. Мындай учурда, оппоненттер менен болгон талкууда аларга бардык ыкмаларды, анын ичинде адепсиз сөздөрдү жана мазактоолорду колдонууга уруксат берилген.

"Бир жөнөкөй эреже бар болчу - канчалык көп комментарийлер жана билдирүүлөр болсо, ошончолук жакшы болот. Көбүнчө интернеттен биздин кардардын аты-жөнү же ага байланыштуу ачкыч сөздөрдү издечүмүн, - дейт Арсен.- Кийин бир эле басылманын астына ар кандай аккаунттардан ондон ашык комментарий жаза баштагам, башкача айтканда, мен өзүм менен сүйлөшчүмүн. Биз негизинен "Kloop", "Azattyk" 24.kg, АКИpress баракчаларынан комментарий калтырчубуз.

Ар бир кызматкерде SIM карталардын пачкасы жана социалдык тармактарда каттоодон өтүү үчүн бир жумушчу телефон бар болчу. Арсендин айтымында, фейк аккаунт үчүн ал бир нече жумасын, кээде бир нече айын коротчу. Профилди ишенимдүү көрсөтүү үчүн, ал акырындап досторунун тизмесин толтуруп, ошондой эле уникалдуу контентти даярдаган.

Жасалма аккаунттар үчүн сүрөттөр Instagram, ВКонтакте жана Одноклассники сайттарында катталган башка өлкөлөрдүн чыныгы адамдарынын баракчаларынан алынчу. Башка колдонуучулардын даттанууларынан улам, Арсендин профилдери тынымсыз блоктолуп турган, бирок ал кайра жаңы аккаунттарды түзүп алчу.

Жумуш издөө сайттарында мынндай вакансиялар жок

"Тексттерди ойлоп табуу фантазияга жараша болот. Буюртма берген адамдын каалоосу боюнча маалыматты бурмаладык. Узун жана мазмундуу комментарийлерди жазууга аракет кылдык - алар көбүрөөк көңүл бурдуртат", - деп кошумчалайт ал. "Эң башкысы, биз өзүбүз жазганга өзүбүздүн ишенишибиз керек эмес болчу. Бирок жаңы нерсени ойлоп табуу укмуштуудай кыйынга турчу, ошондуктан кээде ар кандай профилдер аркылуу бирдей комментарийлерди жазып, вирустук видеолорду жана мемдерди жасап, андан кийин группаларга бөлүп жиберчүбүз. Ар бир жумушчу күндүн аягында аткарылган иш жөнүндө (канча комментарий жазылды, канча билдирүү жарыяланды, шилтемелер жана скриншоттор тиркелди) башчыга отчетторду жөнөтүп турчубуз"

Расмий түрдө, биз иштеген компаниясы веб-сайттарды иштеп чыгуу менен алектенчү. А троллинг дагы бир киреше булагы болгон. Бир кеңседе веб-иштеп чыгуучулар жана троллдор отурушчу. Аларга бири-бирине кандайдыр бир маалыматты айтууга тыюу салынган эмес. Бирок акыркы троллдор менен эмгек келишими түзүлгөн жок, айлык акы да салык төлөбөй берилчү. Троллингдин аркасында компаниянын директору канча киреше тапканын Арсен билбейт.

"Бир долбоор үчүн мен айына 200 доллар алчумун (КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда орточо эмгек акы болжол менен 18 миң сомду же 214 долларды түзөт. Ошол эле учурда, өлкөдөгү бардык жумушсуздардын 47% 20дан 30 жашка чейинки жаштар түзөт. - ред.) Кээде бир эле учурда эки долбоор менен иштечүбүз. Мисалы, бир кардар саясатчы, экинчиси бизнесмен болушу мүмкүн. Бирок, биздин кызматтарды эң узак убакытка чейин саясат менен же айрым чуулгандуу чуулгандуу иштер менен байланышкан адамдар колдонуп келишкен. Эң узак долбоор 9 айга созулган. Анда атактуу бирок репутациясы караланган адамды коргодук ”дейт Арсен.

"Бул сфера ал жакта иштегендерге деле жакпайт"

Арсен иштеген "тролл фабрикасы" бир гана кардарга байланган эмес. Кээде бир кардар менен кызматташуу аяктаганда, анын ордуна башка кардар келип, мурунку кардарга карата "кара пиарды" буйрутма кылган учурлар болгон.

"Кардарлар эч качан биз менен түздөн-түз байланышкан эмес - бардыгы “кожоюн” аркылуу жүргүзүлгөн. Алар биздин кызматтар жөнүндө ооздон-оозго өтүү аркылуу билишкен. Сыягы, саясатчылар бири-бирин бизге жөнөтүшчү окшойт. Эч кандай жарнама жасалган эмес. Менин кайда иштегенимди мага жакын адамдар гана билишчү. Бул эмгек менин биографияма жакшы таасирин тийгизбейт. Жумушубуз бул чөйрөдө иштегендерге деле жакпайт ", - деди Арсен.

Анын үстүнө, Арсендин айтымында, алардын айрым кардарлары бир эле учурда бир нече "фабрикалардын" кызматынан пайдаланышкан. Ал мындай жыйынтыкка алардын компаниясына кирбеген ондогон жасалма аккаунттардын окшош маалымат таратып жатышканынан байкаган.

Троллдор жана парламенттик шайлоо

Эреже боюнча, троллдор ири саясий окуялардын алдында өзгөчө активдүү иштешет. Бул 2020-жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун алкагындагы шайлоо өнөктүгү учурунда болгон окуя. "Тролл фабрикаларынын" эки кызматкери менен баарлашуу учурунда айрым саясий партиялар социалдык тармактарда күн тартибине өзүлөрүнө керек болгон маалыматты жайылтуу максатында иш жүргүзүшкөнү белгилүү болду. Троллдор үгүт жүргүзүү мезгилинде бардык керектүү техникалар менен камсыз болушкан. Алар штабдарда же атайын ижарага берилген кеңселерде же батирлерде жумуш орундары менен камсыз болушкан.

Алинанын (аты өзгөртүлдү) өзүнүн тажрыйбалуу троллдор "фабрикасы" бар. Ал бир нече жылдан бери саясатчылардын буйругун аткарып келген. Расмий түрдө, анын компаниясы SMM маркетинг менен алектенет. Алина достору жана туугандарынан чогулткан командасында болжол менен 10 адам иштейт.

Акыркы парламенттик шайлоодо алар ири партиялардын биринин кызыкчылыгы үчүн иштешкен. Алардын милдеттерине социалдык тармактарда саясий бирикменин идеяларын жайылтуу, талапкерлерди пиарлоо, саясатчылар жөнүндөгү жаңылыктарды көзөмөлдөө жана партиянын атаандаштарын жаманатты кылуу кирген.

Алинанын командасы жоопкерчиликтерди бөлүшүп алышкан. Айрымдары аккаунттарды түзүүгө жооп берсе, башкалары текст жазышкан, калгандары визуалдык контент менен алектенишкен. Негизги максат партияны башкалардан айырмалап көрсөтүү жана элдерди добушту атайын бир партия үчүн гана берилиши керек деп ишендирүү болгон.

"Биздин ар бирибиздин ар кандай социалдык тармактарда 200гө жакын аккаунттар жана коопсуздук үчүн 50 жалпы профилдер болгон", - деди Алина oDR менен болгон маегинде. "Алар үчүн биз бир легенда ойлоп таап, өмүр баянын толтуруп, сүрөттөрүн чогултуп, андан кийин аларды фотошоп менен жасаганбыз. Жигиттер үчүн, адатта, автоунаалар же исламдык маанидеги аватарлар койчубуз. Кыздар үчүн биз азиат түспөлүндөгү чет элдик аялдардын сүрөттөрүн табабыз. Мындан тышкары, аты жана фамилиясы бар профилдерди түзүп, окуу жана иш ордун кошуу керек, антпесе алар блоктолушу мүмкүн".

Негизги "согуш" белгилүү кыргыз интернет басылмаларынын астындагы комментарийлерде жана партиялардын расмий баракчаларында жүргүзүлгөн.

Алинанын айтымында, троллдор адатта троллдор менен талашышат. Чыныгы колдонуучулардын айрым бөлүгү алардын комментарийлерине көңүл бурбай калышты. Бирок, көпчүлүкт дагы деле фейктердин таасирине алдырып жатышат.

"Сын-пикирлердин жана билдирүүлөрдүн нормасы болгон эмес, бул чыгармачыл процесс. Мисалы, кайсы бир партияга же жеке талапкер жаманатты болсо, биз ондогон оң комментарийлерди калтырчубуз. Ойлонуп, олуттуу аргументтер келтириш керек болчу. Кээде токтоно албай каласың. Театрдагы актёрлор сыяктуу ролгокирип кетесиң", - дейт Алина.

Алинанын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүндө, анын командасынан тышкары, бир эле партияда дагы бир нече "фабрикалар" иштеген. Кадимки троллдордун ар бир тобунун лидерлери же кураторлору болгон. Алар кызматкерлер менен үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эмне жөнүндө жазуу жана кандай билдирүүлөргө комментарий берүү керектигин айтып турушчу.

"Кайсы социалдык тармакты караба, бардык жерде троллдордун ортосунда мушташ"

Бермет (анын аты-жөнү эмес) көрүнүтүү партиялардын биринде тролл болуп иштеген. Ал бул жаатка жаңыдан аралаша баштаган. Анын айтымында, ар бир кызматкердин эмгек акысынын өлчөмү тажрыйбасына жараша ар башка болгон. Бермет өзү айына 180 доллар алып турган.

"Биздин команда 15 кишиден турчу. Бирок биз жалпы армиянын бөлүгү гана болгонбуз. Себеби, партия бизден тышкары дагы бир нече тролл тобун жалдады деген имиштер болгон. Бул биздин кеңсе Бишкектеги элиталык үйлөрдүн биринин батиринде жайгашкан. Шайлоо өнөктүгүнүн башталышында иш таңкы саат 10до башталып, кечки саат 6-7лерде аяктачу. Шайлоонун аягына жакын, жумуш аябай көп болду. Кээде тапшырма берилсе, үйдөн комментарий жазууга туура келип жатты ", - деди Бермет oDR каналына берген маегинде.

Жумуш учурлары Telegramдагы группада талкууланчу. Ошондой эле, ал жакка “атайын бирөөнү” мактоо же жаманатты кылуу үчүн тезистер жөнөтүлөт. Саясатты начар билгендерге даяр тексттер берилет.

"Бири-бирибиз менен баарлашууда биз эки негизги түшүнүктү колдондук -" “коргонуу " жана "чабуул". "Коргоо "дегеним - позитивдүү комментарийлердин жардамы менен кайсы бир тараптан коргонуу керек дегенди билдирет." Чабуул "башка партияларды жаманатты кылуу керек болгондо колдонулат. Бизге алдын-ала сүрөт жана видеолорду жөнөтүшөт, биз бөлүшүшүбүз керек болот. Отчет үчүн биз жазган постторубузду жана комментарийлерибизди үзгүлтүксүз экрандаштырып турушубуз керек болчу", - деди.

Бирок Бермет туш болгон кыйынчылыктар техникалык эмес, психологиялык мүнөздө болгон

"Шайлоо учурунда онлайн чөйрө бир топ өзгөрдү, анткени мен кайсы социалдык тармакка барбайын, бардык жерде троллдордун ортосунда мушташ болду. Бул согуш айыгышкан мүнөздө болуп, күн сайын болуп турду. Эгерде биз партия же талапкер жөнүндө позитивдүү нерселерди жазган болсок, башка фейктер бизге дароо кол салууга аракет кылышты. Жаңы иштеп баштаганда, бул психикалык жактан абдан кыйын болчу. Мен көп учурда чындыктан алыс нерселерди жазууга туура келгендиктен, мен өзүмдү ыңгайсыз сезчүмүн. Бирок бизге баарын жүрөгүңөргө жакын кабыл албагыла бул жөн гана жумуш деп айтышчу", - деди ал.

"Фейктерге каршы вакцина"

Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда интернет-троллдордун иши укуктук жөнгө салууга алынбайт. Себеби өлкөдө мындай иш-аракеттерге тыюу салган мыйзамдык документтер жок.

Бирок буга чейин деле интернетте такталбаган маалыматтын таркатылышына көзөмөлдү күчөтүү аракеттери көрүлүп келген. 2020-жылдын июнь айында эл өкүлдөрү депутат Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырышкан. Документке ылайык, эгер департамент бул баракчадагы маалымат ишенимдүү эмес деп эсептесе, Маданият министрлиги соттун чечимисиз интернет сайттарды бөгөт коюу укугуна ээ болмок.

Мыйзам долбоору социалдык тармактарда нааразычылыктарды пайда кылды: фейктерге каршы күрөштү жамынып, жаңы мыйзам сөз эркиндигин чектөө жана интернетте цензура киргизүү мүмкүн экенин айтып чыгышкан. Натыйжада, президент Сооронбай Жээнбеков аны парламентке кайра иштеп чыгуу үчүн кайтарып берип, коомчулуктун, эксперттер бирикмесинин жана мамлекеттик органдардын катышуусун эске алуу менен мыйзамдарды жөнгө салуунун механизмдерин жана техникалык аспектилерин кайра карап чыгууну суранган.

Чындыгында, жалаң журналисттер менен активисттер жалган маалыматтарга жана фейктерге каршы турууга жалаң журналисттер жана активисттер аракет кылышууда. Kloop.kg сайтынын редактору Айдай Иргебаеванын айтымында, аларда троллдордун ортосундагы байланышты аныктоо жана ачыкка чыгаруу үчүн жасалма аккаунттардын бүтүндөй маалымат базасы бар.

Азырынча жалган маалыматтарга каршы турууга жана фейктер менен күрөшүүгө жалаң журналисттер жана активисттер аракет кылышууда

"Көбүнчө, фейктер коррупцияга каршы тергөө жарыялангандан кийин пайда болуп, өзүн агрессивдүү алып жүрүшкөн. Айрым аккаунттар конкреттүү саясатчылар же чиновниктер жөнүндө макалаларга гана комментарий калтырышчу. Мен окурмандар аларды айырмалай алышы үчүн, алардын комментарийлеринин астына фейк деп жаза баштадым. Буга чейин фейктер калтырылган комментарийлердин 10дон 9у болушу мүмкүн болду, мисалы, Матраимовдор жөнүндө макаланын астындагы комментарийлер. Жээнбековду, Атамбаевди жана ал кезде түрмөдө отурган Садыр Жапаровду колдогон фейктер бар болчу,- деп Иргебаева белгиледи.- "Шайлоо учурунда алар партия лидерлерин партиялык посттордун астындагы комментарийлерди колдошуп, популярдуулук иллюзиясын жаратышты.

Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун айтымында, адамдар маалыматты анализдеп, чындык кайда, калп кайда экендигин аныктаганга чейин троллдун кызматы популярдуу болот. Бирок азыркыга чейин фейктер адамдардын маанайын керектүү нукка бурууда жана көпчүлүк оңой эле бурмаланган чындыкты чындык катары кабыл алышууда”,- деп эсептейт.

"Кантип душманга эң чоң зыян келтире аласың? Ал жөнүндө жалган маалыматтарды чыгарып, башка адамдардын көзүнчө аны желмогузга айландыруу. Бул манипуляциянын элементин чет мамлекеттердин троллдору кабыл алышкан. Коомдун маанайын көрсөтүү үчүн троллдор: бул ак, ал эми кара; бул душман, ал эми бул дос деп этикеткалап көрсөтүшөт, - деп эсептейт Темиров, - Ошентип, жалган коомдук пикирдин таасирдин негизинде жөнөкөй адам өзүнүн оюн түзөт. Андыктан мындай учурда “вакцина” принциби керек. Биздин коом ушул баскычтан өтүп, кризистен чыгып, калпка жана манипуляцияга каршы иммунитет иштеп чыгышы керек", - деди.