Юристтер: Жаңы Конституция менен бирге диктатура орнойт

17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин сайтында Конституциянын жаңы редакциясы, аны менен бирге Референдумду 10-январда өткөрүү мыйзам долбоору коомдук талкууга жарыяланган. Өзгөртүүлөрдүн демилгечилеринин катарында парламенттин 80 депутатынын аты-жөнү жазылган. Конституциянын сунушталган редакциясы коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Коомдук активисттер жана юристтер бул өзгөртүүлөргө каршы экендигин билдиришти.

Биз Конституциянын сунушталган редакциясын талдап, юристтердин жана саясатчылардын пикирин алдык.

Курултай диктатуралык мамлекеттерге тиешелүү

Депутаттар сунуштаган редакциянын 7-беренесине ылайык, курултай чакырылып турат. Курултай Жогорку Кеңештин жана Президенттин отчетторун угуп, аларга сунуш-пикирлерин айтат.

Конституциялык укук боюнча эксперт, юридикалык илимдеринин доктору Сания Токтогазиева курултай демократиялык институттарды талкалаганга шарт түзөрүн белгиледи. Анын айтымында, курултай сыяктуу органдар диктатуралык мамлекеттерде популярдуу:

“Курултай сыяктуу органдар диктатуралык мамлекеттерге тийиштүү. Мисалы, Казакстанда “Казакстан элдеринин ассамблеясы” бар. Сунушталып жаткан Конституцияда курултай ким тарабынан түзүлөөрү жазылган эмес. Негизинен курултай конституциялык орган болуп саналбайт. Президент менен Парламенттин ортосунда келишпестик чыкса, Президент курултайга шилтеме берип, бардык бийликти колуна алышы мүмкүн. Демократиялык өлкөлөрдө мындай органдарга Конституциялык наам берүү коопту деп саналат”, — деди Сания Токтогазиева.

Ошондой эле, Сания Токтогазиева курултай аркылуу Парламент “чөнтөк парламентке” айланышы мүмкүн экендигин айтты.

Конституциянын жаңы редакциясында Президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилген.

Айрыкча, Президенттин ыйгарым укуктары 60-беренеде жазылган. Ал жерде Президент:

— Өкмөт башчысын жана анын орун басарларын, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин;

— Күч түзүмдөрүнүн башчыларын дайындайт;

— Мыйзам долбоорун киргизүүгө укуктуу;

-Жогорку жана жергиликтүү сотторду дайындайт;

-Жергиликтүү бийлик башчыларын дайындайт;

-Башкы прокурорду, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын мүчөлөрүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

-Жогорку Кеңешке шайлоону жана жергиликтүү шайлоолорду белгилейт жана башка ыйгарым укуктарга ээ деп жазылган.

Президенттин чексиз бийлиги орнойт

Конституциялык укук боюнча эксперт Таттыбүбү Эргешбаева “ПолитКлиникага” берген маегинде сунушталып жаткан жаңы редакциядагы Президенттин укуктарынын кеңейишин “бийликти узурпациялоо” деп эсептейт:

“Президент Өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарын алыптыр. Муну бийликти узурпациялоо деп санаса болот. Бул нерсе менен биз биринчиден Түркменистан, Тажикистандан айырмабыз жок болуп калат, экинчиден Бакиев учурундагы Конституцияны алып келүү десе болот. Мындан сырткары, бул Конституцияда Президенттин жоопкерчилиги каралган эмес, Жогорку Кеңеш аны отставкага кетире албайт. Муну менен Президенттин чексиз бийлиги орнойт, Президент диктаторлук институтка айланат”, — деди Таттыбүбү Эргешбаева.

120 депутат да Конституциялык реформаны демилгелей албайт

Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиби иштеп жаткан Конституциянын 114-беренесинде жазылган. Ага ылайык, иштеп жаткан Конституциянын үчүнчүдөн сегизинчи бөлүмдөргө гана өзгөртүү киргизүүгө болот делген.

Ушундай эле пикирди Өмүрбек Текебаев 18-ноябрда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында айткан. Анын айтымында, Конституцияга Парламенттин 80ден ашык депутаты демилгелеген түзөтүүлөр гана киргизилет:

“Бүгүнкү Конституцияга ылайык, Конституцияга өзгөртүүлөрдү 80ден ашык депутат демилгелей алат. Он депутат, Президент, Өкмөт демилгелей албайт. А силер болсо жаңы Конституция кабыл алганы жатасыңар. Конституциялык мыйзамда жаңы Конституция кабыл алабыз деген сөз жок. 80 эмес, 120 депутат да Конституциялык реформанын демилгечиси боло албайт”, — деп билдирген Өмүрбек Текебаев.

“Мыйзам бузуу болуп жатат”

Андан сырткары, Өмүрбек Текебаев сунушталган Конституциянын авторлорун мыйзам бузуп жатканын белгилеген:

“Конституцияга өзгөртүү киргизердин алдында Конституциялык палатадан өзгөртүүлөрдүн мыйзамдуулугу тууралуу кеңеш алынышы керек болчу. Бул нерсе кылынган жок. Анткени биринчиден, Конституциялык палатада кворум жок, экинчиден ал жерге кайрылганда, бул долбоор 10-январга жетишпей калат. Ошондуктан булар эл менен кеңешпей, авторлорун билдирбей, жабык эшик артында кабыл алып жатышат”, — деген Өмүрбек Текебаев.

Конституциялык өзгөрүүгө барышыбыз керек, бирок азыр эмес

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Конституциялык реформага барышыбыз керек экендигибиздин, бирок азыр эместигин билдирди:

“Мен Конституциялык реформага каршы эмесмин, реформа керек. Биз он жылда иштеп жаткан баш мыйзамдын катачылыктарын көрдүк. Жоопкерчилик бир кишиде же көпчүлүктө болуш керек. Чынында Конституцияда бул нерсе так жазылган эмес. Бирок, Конституциялык реформаны жетинчи чакырылыштын депутаттары коом менен пикирлешип, Жогорку Кеңеш өзгөрүүлөрдү киргизиш керек”, — деди Дастан Бекешев.

“Президентти эч ким жоопкерчиликке тарта албай”

Мындан сырткары, Дастан Бекешев сунушталган Конституцияга каршы экенин айтты. Анын айтымында, Президенттин жоопкерчилиги каралган эмес жана аны жоопкерчилике эч ким тарта албайт:

“Сунушталган редакцияда Президенттин ыйгарым укуктары абдан көп. Бирок, анын жоопкерчилиги жазылган эмес. Президент прокурорлоду, сотторду дайындап жатса, курултайды да ал чакырып жатса, аны жоопкерчилике ким тартат?”, — деп билдирди бизге Дастан Бекешев.

Эл аралык уюм Жогорку Кеңештин кадамдарын тааныган жок

47 мамлекет мүчө болгон укук коргоочу Венеция комиссиясы Кырыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин легитимдүүлүгү тууралуу корутундусун жарыялаган. Корутундуда 22-октябрда Жогорку Кеңеш “Парламенттик шайлоону токтото туруу” жөнүндөгү кабыл алган конституциялык мыйзам “демократиянын принциптерин чагылдырбайт” жана “демократияны үзгүлтүкө учуратышы мүмкүн” делген.

Аны менен бирге, корутундуда Жогорку Кеңеш өзүнүн ыйгарым укуктарын 6-8 айга узартып алышы адаттан сырткары көрүнүш экенин жана пророгация учурунда парламент жөн гана өкүлчүлүк функциясын аткара ала тургандыгы белгиленген. Парламент мыйзамдарды Конституцияда жазылган шарттарга ылайык кабыл алыш керек, “мыйзам чыгаруу процесси толук сакталышы керек” делет корутундуда. Бирок, буга чейин Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдар Регламентке туура келбестигин биздин редакция жазган.

Венеция комиссиясы Кыргызстанды эл аралык жана демократиянын принциптерин сактоо чакырып, комисся КРнын Конституциялык палатасына көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгилеген өз корутундусунда.

Эскерте кетсек, Конституциянын жаңы редакциясы коомдук талкууга чыккан соң, автор болуп көрсөтүлгөн депутаттардын айрымдары авторлука кол койбогондугун билдирсе, айрым депутаттар жөн гана талкууга чыгышына кол койгонун билдиришкен.

Сүрөт: Кактус медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты