​Депутат Эмил Токтошевди ИИМге суракка чакырышты

  • 3 года мурун

Депутат Эмил Токтошевди ички иштер министрлигинин тергөө кызматы суракка чакырды.

Бул тууралуу депутат Фейсбук баракчасына жазды.

— Өмүр жолумдагы өзүм туу туткан бир чындык бар. Ал өзүмдүн ичимдеги абийирди сатпоо, кандай гана абал болбосун, чындыкты суйлоп, түз жүрүү

Саясий ишмердигимде коомдогу туура эмес окуяларды, саясий теңсиздикте ар дайым калыс созуму айтып келем.

Убагында Белизгейт учун Сегизбаевди, ЖЭБ учун Исаковду катуу сындап, Атамбаев, Жээнбековдордун өкмөтүнүн ар бир туура эмес иштерине сын айтып, Текебаевди түрмөгө отургузганда да өзүмдүн позициямды өзгөртпөй, ар жакка өтө качпай, ар дайым бир нукта келе жатам.

Ушу кезге чейин сөз эркиндиги бар үчүн коомдогу, саясаттагы бардык туура эмес иштерди айтып келдик.

Мына, ушул кун да келди, -деди Токтошев.

Чакыруу кагазында кайсы иш боюнча чакырылганы көрсөтүлгөн эмес, күбө катары чакырылганы жазылган.

Конституцинын талкууга коюлган долбоорунда 80 депутаттын колу коюлуп, президенттик шайлоо менен референдумду чогуу өткөрүү демилгеси көтөрүлгөн. Кол койгон депутаттардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошевдин да аты-жөнү бар. Бирок Эмил Токтошев 18-ноябрда, долбоорго кол койбогонун билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты