БШК укук коргоо органдарын добуш сатып алууларга жана админресурска каршы турууга окутуп жатат

  • 3 года мурун

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы «Жарандык платформа» коомдук фонду менен биргеликте, Бишкектеги ЕККУнун программалык офисинин колдоосу менен «Шайлоо мыйзамдарынын ченемдеринин бузулушуна реакция жасоо жана иш-чараларды иштеп чыгууда укук коргоо органдарынын ролу» деп аталган тренинг өткөрдү.

Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрү Тынчтык Шайназаров жана Гүльнара Журабаева катышуучуларга – укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө шайлоо укугунун жана процессинин өзгөчөлүктөрү, ошондой эле КР БШКсы менен өз ара кандай иштешүү тууралуу түшүндүрмө беришти.

Башкы прокуратуранын өкүлдөрү өткөн шайлоонун жүрүшүндө ачыкка чыккан мыйзам бузуулардын анализин көрсөтүшүп, ошондой эле аткарылган чаралар тууралуу айтыпберишти.

Модератор -«Жарандык платформа» коомдук фондунун директору Айнура Усупбекова болду. Тренерлер: Мырза -Айым Камчибекова, Аяз Баетов Аяз; Аслан Кулбаев, БШКнын мүчөлөрү Тынчтыкбек Шайназаров Тынчтыкбек, Гүлнара Журабаева

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты