​Covid-19 жуктурган медицина кызматкерлеринин 13%ы гана компенсация алган. Пневмония болгондорго акча каралган эмес

ПЦР-тесттин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган медицина кызматкерлеринин 13%ы гана компенсация алган. Ал эми ПЦР тесттин жыйынтыгы менен Covid-19 аныкталбаган, бирок пневмония менен ооруган медицина кызматкерлерине кенемте каралган эмес.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев маалымат жыйынында билдирген.

Анын айтымында, медицина кызматкерлери үчүн компенсациялар лабораториялык тастыкталган COVID-19 учурунда гана төлөмдөрдү камсыз кылган өкмөттүн буйругунун негизинде төлөнүп жатат.

«Документ май айында кабыл алынганда, пневмония менен коронавирус эки башка эсептелип жаткан. Ал кезде лабораториялык тастыкталган COVID-19 жөнүндө гана сөз болгон”, — деди Азамат Жумакеев.

Өкмөттүн 161-буйругунун 7-пунктуна ылайык, эпидемиологиялык иликтөөнүн негизинде жумуш учурунда Covid-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлерине компенсация каралышы керек. Компенсациянын өлчөмү 200 миң сом деп белгиленген. Ал эми Covid-19дун кесепетинен көз жумган медицина кызматкерине 1 млн сом компенсация төлөнүшү керек.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2020-жылдын 16-ноябрга карата, 3735 медицина кызматкери Covid-19ду жуктуруп алган болсо, анын 13%ы гана, тагыраак айтканда, 479 адам компенсация алган.

Учурда Covid-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны — 3735 учурду түзсө, алардын ичинен — 3499 медицина кызматкерлери айыгып чыккан.

Covod-19дан 200дөн ашык медицина кызматкери каза болгон болсо, анын 29у гана компенсация алган.

Компенсация алуу үчүн жалпысынан 2500дөн ашык киши кайрылган. Бирок алар компенсация алуу үчүн адегенде жумуш учурунда жуктуруп алганы аныкталышы керектигин айтат Саламаттыкты сактоо министрлиги.

Компенсация алуу үчүн арыз берген врачтардын баары жумуш учурунда жугузуп алышкан жок да. Бирөө кошунасыныкынан, экинчиси тууганынан, үчүнчүсү көчөдөн жугузуп алышы мүмкүн. Ошон үчүн эпидемиологиялык иликтөөнүн негизинде ооруну жумуштан жугузуп алгандыгы аныкталгандан кийин гана компенсация төлөнүп берилет”, — дейт Саламаттык сактоо министрлигинин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев.

Нааразы болгон медицина кызматкерлери

Реаниматолог Аида (аты-жөнү өзгөртүлдү) март айынан тарта коронавируска байланыштуу кызыл зоналарда иштеп келет. Июль айында өзү Covid-19 илдетин жуктуруп алып, он күндөн ашык бейтапканада дарыланган. Тапшырган ПЦР-тесттинин жыйынтыгы позитивдүү болуп чыккан.

Аида компенсация алуу үчүн керектүү документтерди тапшырганына карабай компенсация берилбей жатканына нааразы экенин айтат:

Менин кызыл зонада иштеген он эки кесиптешим covid-19 менен ооруп чыгышты. Барыбыздын тапшырган ПЦР-тесттерибиздин жыйынтыгынан коронавирус аныкталган. Конпенсация алуу үчүн керектүү документтерибизди эчак эле тапшырганбыз. Бирок, эч кимибизге убада кылынган 200 миң сом бериле элек. Биз, ПЦР-тесттибизден коронавирус аныкталгандар албагандан кийин, пневмония менен ооругандар туурасында сөз кылбай эле койсок болот”.

Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гүлнара Ташибекова бир эмес, эки жолу коронавирус менен ооруп чыккан. Эки учурун тең жумуштан жугузган. ПЦР-тестинин жыйынтыгы коронавирус менен ооруп калганын тастыктаган. Бирок, керектүү документтерин тапшырганы менен эч кандай компенсация ала элек.

Учурда компенсация ала элек медицина кызматкерлери толтура. Алар ачык айтып чыккандан коркушат. Айрымдары мага “эже, сураныч жардам бериңизчи”, — деп жазышат”, — дейт Гүлнара Ташибекова.

Ошондой эле, covid-19 менен пневмонияны бөлүп карабай, кызыл зонага кирип ооруп калган медицина кызматкерлеринин баарына компенсация берилиш керек эле. Бирок, булар ПЦР-тестти жакшы чыккан медиктерге компенсацияны эпидемиологиялык иликтөөнүн негизинде берип атышканына нааразы экендигин Гүлнара билдирди.

Фейсбук желесиндеги “KG врачтары — Кыргызстандын саламаттык сактоо кызматкерлеринин жамааты”, — деген баракчада кызыл зонада иштеп коронавирус жуктуруп, тапшырган ПЦР-тесттерининин жыйынтыгынан коронавирус аныкталгандар да компенсация ала электигин жазышкан.







































Медицина кызматкерлерине компенсация кайсы мыйзамда каралган?

2020-жылдын 21-майында “Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушу Өкмөт тарабынан кабыл алынып, ага ал кездеги Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Ага ылайык, мыйзам 11-1-беренеси менен толукталып, өзүнүн кесиптик милдеттерин санитардык-карантиндик зонада аткарып жаткан медицина кызматкерлери өздөрү ооруп же зыян тартып калган учурда, ээлеп турган кызмат орду боюнча 10 маянадан кем эмес компенсация төлөнөт.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2020-жылдын 4-майында “Бир жолку акчалай компенсацияны белгилөө жөнүндө” №161 токтому кабыл алган. Ага ылайык, «КОВИД-19» коронавирустук инфекциясын жуктурган медицина кызматкерлерине 200 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөнүп берилиш керек.

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупованын айтымында, бул мыйзам күчүнө киргенден кийин медицина кызматкерлерине Өкмөттүн токтомуна ылайык эмес, мыйзамга ылайык төлөнүп башташы керек.

Компенсация алган дарыгерлер тууралуу маалымат берилбейт

Ал эми КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин Коррупциянын алдын-алуу боюнча комиссары Индира Жумабаева компенсация алган медицина кызматкерлеринин тизмеси ачыкталбай тургандыгын, ал тургай кайсы аймакта канча врач компенсация алгандыгы тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты.

Берилбейт, бул — купуя. Биздики баары протокол менен каралган. Отуруп баарын бөлүп санаганга мүмкүнчүлүк жок”, — деп билдирди Индира Жумабаева.

Жыйынтык: ПЦР-тесттин жыйынтыгы позитивдүү чыккан айрым медицина кызматкерлерине компенсация төлөнүп бериле элек. Ошондой эле, ПЦР-тестинен КОВИД-19 аныкталбаган, пневмония менен ооруган медицина кызматкерлерине компенсация такыр каралган эмес.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты