​“Жээнбеков менен анын отставкасына чейин сүйлөшкөм”. Роза Отунбаева өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу

Маек

Экс-президент Роза Отунбаева АКИpress агенттигине өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.

- 5-6- октябрдагы окуяларга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Ковид пандемиясынын залакасы, кендирди кескен кедейчилик, тышкы карыздын аң-сезимге тийгизген кедергиси, алдыдагы кыш камынын көйгөйү, тоо-кен тармагындагы чыр-чатактар - булардын баары бугуп жаткан вулкан. Кандайдыр бир убакыттан кийин ал вулкан жанданып, оргуп, атырылып чыгат.
Приватташтыруу учуру уланып, андан байыгандар, тыйылбаган коррупция, байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымдын өсүшү, ошондон улам акыйкаттык издөө, нааразычылык , адилетсиздик менен келишпөө сезимдери чегине жетип кеткени анык.

Россиянын Президенти Путин бизде ар бир шайлоодон кийин эле элдин толкундоосу болорун айтып, бул мамлекеттүүлүктүн калыптануу тажрыйбасы, жаш мамлекеттердин татаал жолу экенин объективдүү белгилеп өттү. Мен буга каада-салттын узак тарыхысыз, бекем бутуна турбаган, жаратылыш байлыгы жок мамлекеттер деп кошо кетээр элем.

Шайлоо бул бийлик алмашуу, адилетсиздер кетип, элдин ишенимине ээ болгондор келиш керек. Бирок шайлоо учурунда эл каратып туруп калп айтууга, анын жыйынтыгы жокко чыгарыларына күбө болду.
2020-жылы да 2005 жана 2010-жылдардагыдай, баш-аламандыктан улам, революциялык окуяга катышкандардын түрткүсү менен “саясий” туткундар бошотулуп, саясий талаага чыга келишти.

Ошол октябрь айындагы күндөрдө жашыруун аракеттер көрүлдү, айрыкча Атамбаевдин тарапташтары жагынан. Бийликте боштук болуп калган учурда, мыйзамсыздыкка көп көңүл бурулбай калган кезде, бир катар ондогон кишилер эркиндикке чыгарылды.

Эсиңердеби, «New York Times»Жапаров түрмөдөн чыгаары менен премьер-министр болуп калганын жазып, сүрөтүн жарыялабадыбы. Ал фраза ошол замат дүйнөгө тарап кетти. Кыргызстан тири укмуш парадокстун өлкөсү катары сыпатталды.

Муну кантип түшүнсө болот? Атамбаев түрмөгө отургузган ондогон адамдар бар. Алар “акталып” чыгарылган жок. Жапаров, Ташиев, Мамытовго бийликке жол ачылып, ошол замат акталып, айыптарынын баары тез арада алынып салынды. Бирок ошондой эле абалда турган Ө. Текебаев, Д. Чотонов, А. Салянова, Д.Сарыгулов, К. Асанов, М.Султанов, Б.Талгарбеков, К.Кадыров, Калматов ошол боюнча калышты. Булардын соту жабык өттү. Айып күчтөлүп коюлуп, саясий өңүттө, ал тургай негизсиз айып тагылууга чейин жетти.

Эгер биринчи үчөө жогорку кызматтарды ээлесе, анда башка жарандардын да иштерин ачык жана адилет кароого жол берилсин да. Аларга да акыйкаттык жетсин! Жаңы бийлик тарабынан убада кылынгандай, өч алуунун айлампасы үзүлүшү керек эле.

Биздин өлкөдө чыныгы лидерлердин, мамлекет башчыларынын таңсыктыгы бар: үч пайыздан элүүдөн ашык пайызга чейин бийлик сересине көтөрүлгөн адам лидерликти жөндөп кете алган жок. Керек убакта жоголуп кетти. Ал тургай, чоң энелер да 5-октябрда ал митингчилерге чыгып, шайлоо калыс жана акыйкат өтпөй калды деп айтып же болбосо шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарып салыш керек болчу деп жатышат. Бул өз учурунда, чечкиндүү жасалган лидерлик кадам болмок.

-Баарына 7-октябрдан баштап, Жээнбеков артка кете баштагандай туюлду. 15-октябрда ал отставкага кетти. Бул убакыт аралыгында ага эмне болду?

-Анын отставкасына чейин мен үч жолу жолугуштум. Биринчи жолугушууда “сиз Конституциянын кепилисиз, жөн эле кетип кала албайсыз, парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүүгө тийишсиз, андан кийин кетсеңиз болот” деп айттым.

Сиздин ички байланышыңыздан башка эл аралык коомчулук деген бар дедим. Ошол учурда Европа биримдиги учурдагы Президенттин легитимдүүлүгүн тааный турганын билдирген.

Ошондон кийин Жээнбековду күч колдонуучу иш-чараларга ыктаган митинчилерге карабай, туш тараптан колдой башташкан.

-Ал айткандарыңызга макул болдубу?

-Негизинен, макул болду. Ал шок абалдан өзүнө келе албай жаткан. Кремль тараптан да колдоо болду, Путиндин өкүлү, Козак келди. Мага БУУнун баш катчысы чалып, абалды сурады. Ошол кырдаалда баары өтө жука тоңктон өтүп жаткандай, укуктук талаадан чыгуу абдан кооптуу болду. Эки тарап тең муну түшүнүп турду, бирок тобокел кылып жүрүп отурушту. 15-октябрда акыркы жолугушууга мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин он чактысы Жээнбеков менен жолугушмак, ал жолугушууга Жапаров менен Ташиев да келмек. Экөө келген жок. Бирок ал үчөөнүн жолугушуусу Жээнбековдун отставкасы менен аяктады. Ушу кезге чейин Конституцияны коргойм, кызматымдан кетпейм деп бизге ишенимдүү айткан кишинин кантип отставкага кетип калган себебин ушу кезге чейин билбейбиз. Мында күч фактору роль ойногон деп айтууга болот.

-7-ноябрда сиздер “Ата Бейитте” болдуңуздар. Ал жакка Жээнбеков да барды. Сиздер ал жакта сүйлөшө алдыңыздарды?

-Жок, такыр сүйлөшкөн жокпуз.

-Жээнбековдун 5-6-октябрдагы окуяларга алып келген катачылыгы эмнеде?

-Катачылык бул: ар бир Президент Конституцияда жазылган мандатынан тышкары, түз эле үч бийликке берилген рулду башкара калат. Алар өзүнө жакын, өз кишилерин өкмөт башына жана парламентке коет. Буга сот бийлигин да кошкула.

Шайлоодон кийин инсайдерлерден ар бир партиянын тизмеси 2015-жылдагыдай Ак үйдө каралып жана бекитилип жаткандыгын айткандарын укканда капаландык, ал эми бийликтин партиясын Президент көзөмөлдөп, ал жакка туугандары жана конюньктурщиктер кирип алганы күмөн санатпады. Биринчи жолугушууда Сооронбай Шариповичтин шайлоодогу катачылыгын мойнуна алганы мени таң калтырды, ошондо ал купкуу тартып, үмүтү үзүлгөндөй абалда эле. “Ооба, мен кетүүнү чечтим. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча мен өз күнөөмдү мойнума алдым” деп айтты ал.

Мен өзүмчө мындай тыянак чыгардым: дымакка же лидерди кокусунан тандалып алынганына карабай, алданбаш керек, эл “шайланган” кишинин колунан эмне келээрин жана эмне келбей турганын так билиши керек экен. Бул кызматка келген адам тез алмашып жаткан заманга ачык, билимдүү, заманбап, бизге окшогон өлкөлөрдүн өсүүсү-өзгөрүүсү тууралуу терең билими болушу керек экен!.

Президенттин мандатында чарбалык-экономикалык маселелер жок, бирок Кыргызстан 10 жылдан кийин каякта болорун болжоп билиши керек. Президент 2030-жылы дүйнө өлкөлөрүнөн калбай, 2030-жылга БУУнун туруктуу өнүгүү планына элди демилгелеш керек. Бийлик бутактарынын тең салмагын сактап, бийликтин бүтүн механизмин иш билгилик менен оңдоп-түздөп туруу - анын милдети.

Сот бийлиги коомдун аракетинин баарын жокко чыгарып, инвестициянын келишине тоскоолдук келтирип жатат. Эл президенттен бул багыттагы чечкиндүү кадамды күтөт.

Вацлав Гавел түрмөгө отурганга чейин дүйнөгө белгилүү жазуучу жана драматург болгон. Бирок Чехиянын Президенти катары ал эркиндиктин, күрөштүн, акыйкаттыктын жана инсандын майтарылбастыгынын жана бүтүндүгүнүн символу болгон.

Президент бул улуулар да, балдар да, аскерлер, мамлекеттик кызматкерлер, дыйкандар - баары үлгү ала турган киши. Ал элге жарыгын чачып, жакшы иштерге мисал болуп турушу зарыл.

-Келиңиз, эми Конституция тууралуу сүйлөшөлү.

-2020-жылы бул документти киргизгендеги он жылдык ветонун мөөнөтү 2020-жылдын сентябрь айында аяктады. Жаңы бийлик Конституцияны өзгөртүүнү абдан каалашууда. Алар муну эл талап кылып жатат деп айтышууда.”Элдин каалоосу” менен аны жети жолу өзгөртүштү, андан кийин биз 2010-жылы коомдун ар жеринен жамалып- коюлган негизги келишимин кабыл алдык.

Коомдун акыл эстүү бөлүгү бул кадамга эрте барып атабыз дешүүдө. Ал эми каршы болгондор биздин эгемендигибиздин башатына келели дешет. Андай долбоорду ошол бийлик ичинде жазып жатышат деп боолголосок болот. Долбоорду эшикти жаап алып, жашыруун жазып жатканын эл көрүп турат, ким жазып жатканын эч ким билбейт. 2010-жылы биз укук, саясат, жарандык коом өкүлдөрүнөн - 70 эксперттен турган Конституциялык кеңешме чакырганбыз, чогуу иштегенбиз, элге көрүнөө иштегенбиз, телевидение аркылуу репортаж, баяндамалар берилип турган.

Венеция комиссиясынын аныктамасы боюнча, биздин Конституция боюнча премьердик-президенттик өлкө. Кээ бирөө бизди алдап жатышат, биз президенттик өлкөдө жашап жатабыз десе, кээ бирөө биз парламенттик өлкөдө жашап жатабыз дешет. Ар кандай атай бергиле! Бул аныктамалардын баары математикалык формула эмес, бул узак тарыхый убакта эл көрүп, иш жүзүнө ашырыла турган, улам оңдолуп-түздөлө турган укуктук алкак, ал убакыттын өтүшү менен турмуштун табигый мейкиндиги болуп калат, анын натыйжасында коом гүлдөп өсөт же кыйналып-кыстала берет.

Менин оюмча, бул Негизги мыйзамдын жоболорун ишке ашыруунун сапаты коомдун тыкыр көзөмөлүндө болушу керек. Кээде бизде кагаз, келишим өзүнчө болуп, башкарууга келгенде коңшулардын Конституциясы менен жашап жаткандай болуп, артка тартылып турабыз.

Бийликтегилер башка чөлкөмдөгүлөр башкаргандай жана жашагандай. “шеринелештериндей” жашагысы келип жатат. Бирок бизде андай өтпөйт, биздин элибиз андай эмес. Мезгил да башка. Бизде жарандык коом күчтүү, ЖМК ачык, интернет коомчулук да гипер-активдүү.

Жапаровдун Баткендеги жана Оштогу жолугушууларына таң бердим. Адамдар мафиянын курчоосунда калып, өмүрүн тобокелге салып, микрофонго жулунуп жатышты, стадионду жаңыртып, жылдап чечилбеген көйгөйлөрдү, аларды кыйнаган, чечилбеген маселелерди ачуусун жашырбай айтып жатышты. Алар жаңы лидерге ишенип, ал да ошондой тозоктон өткөн, аларды түшүнөт, коррупциянын тамырын кыркат дешет. Жапаровдун күчтүү жагы ошондо, эл аны өздөрүнө окшоштуруп, анын сактай турганына ишеним артат. Мен ушундай элибиз менен сыймыктанам! Мына, биздин эл ушундай, анын духу бекем, акыйкаттыкты издейт.

Бизде болгон нерселерге башкалар эми гана жетишип жатышат. 2021-жылдын 10-январында Казакстанда парламенттик шайлоо өтөт. Алар көп партиялуулукту өнүктүрүп, биринчи жолу шайлоо тууралуу мыйзамда аялдарга жана жаштарга 30%дык квотаны киргизип жатышат, маслихатка шайлоо биринчи жолу партиялык тизме менен өткөрүлөт.

“Пропорционалдуу модель дүйнөлүк демократиялык практикага толугу менен дал келет, ал саясий системанын чыңдалышына, демократияны өнүктүрүүгө, саясий партиялардын ишмердигин активдештирет” деди Касым-Жомарт Токаев мажилиске алдыдагы шайлоолор боюнча кайрылуусунда.

Грузияда 2020-жылдын 30-октябрдагы шайлоолордун жыйынтыгы боюнча оппозициянын нааразылыгы уланып жатат. Аларда аралаш пропорционалдык-мажоритардык шайлоолор өттү. Алар кадам сайын илгерилеп, 2025-жылы шайлоодо пропорционалдык шайлоого барганы турушат. Бардык жерде Грузиядагыдай, Беларустагыдай окуялар боло берет, асмандан эчтеке түшүп калбайт.

Бул деген - демократия, элдик бийликтин орношу, элдин эс-акылынын, билим деңгээлинин жогорулашы. Бирок элге түшүндүрүш керек. Мисалы биз бир мандаттуу шайлоого өтсөк, парламентке аялдар, жаштар келе албайт, элдин азчылык бөлүгүнүн, мисалы ири өзбек топторунан башка өкүлдөрү болбойт.

-Президенттик шайлоодо түндүк-түштүк маселеси экинчи планга жылабы?

-Бул азырынча тиричилик деңгээлде эле. Бирок партиялык система мамлекеттик командалар топтолгондугу менен, биринчи планга мамлекеттик кызыкчылыктар коюлгандыгы менен алгылыктуу. Болжол менен жүз жылдан ашык убакыттан бери партиялар жана шайлоодогу пропорционалдык система бүткүл Европада, Түндүк жана Түштүк Америкада, Азияда ишке ашырылган, анткени дүйнө жүзү боюнча улуттук жана улуттар аралык бөлүнүүнү эсептеп болбойт.

Бирок партиялык төбөлдөр мамлекетти биримдикте кармашат, шайлоолордогу атаандаштыкта мамлекетти бөлүп-жарууга, бөлүнүп-жарылуучулукка жол бербейт.

Партиялык системада, шайлоонун пропорционалдык системасында, негизги басым өлкөнүн артыкчылыктарына берилет, түндүк-түштүк маселеси жымсалданат, антпесе, Европанын көпчүлүк өлкөлөрү ыдырап калмак.

Шайлоонун пропорционалдык системасынын активдүүлүгү жана рационалдуулугу эсептелип чыккан, убакыт, тажрыйба аркылуу сыналган.

Биз бүгүн эмнеге анын баарынан артка чегинип жатабыз?

Өзүн өзү жамандап эле, бизде партиялар алсыз, начар, шайлоолор акыйкат өтпөйт дей берген болобу? Германиядагы социал-демократиялык партияга 16 жыл болду, ал эми биздин советтерден кийинки ардагер партияларыбызга болгону 30 жыл болду.

Биз тынч жатпай, аракет кылып, абалды оңдоп жатканыбыз жакшы. Мына азыр шайлоочулардын биометрикалык идентификациясы жана автоматтык урналар добуш саноого жардам берет, эгер жетишсе жана эң башкысы шайлоо комиссиясын блокчейн менен алмаштырууну убада кылып жатышат!

Алдыга жылууда бизге чыдамдуулук жетишпей келет, биз дароо жана азыр эле баарын жаркылдатып алышыбыз керек! Бизге тарыхый убакыт, иш жүзүндө аңдап билүү жана түшүнүү, келечекти көрө билүү жетишпей турат.

Өлкөдө саясий маданият жетишпей жатат, коомдо укуктук аң-сезимдин жетишпестиги күч.

Макул, лидерлерди айтпай эле коёлу, саясий классыбыздын билими төмөн. Биздин каарман ЖМКга рахмат, эртеден кечке онлайн да, оффлайн да элди тынымсыз саясий -агартуу менен алектенип, окутуп, талкууларды уюштуруп жатат. Бирок алардын сапаты дагы абдан жакшыртууну талап кылат, берүүлөрдүн жана анализдердин дээрлик баары окуяга байланыштуу, эксперттер баягы эле. Биздеги 40 тай университеттеги окумуштуулар кайда, алар политология курстарында жаштарга эмнени окутуп жатат? Биздин студенттер саясий жактан пассивдүү, эгемендик алгандан бери эле көбүнчө алар курч саясий иш-чаралардын байкоочулары катары эле келатышат. Мен биздин жаштарга ишенем, алар да активдүү жарандык коомго аралашып, ардагерлерди алмаштырышы керек.

-10-январда президенттик шайлоо өтөт. Бул шайлоо кандай болот деп ойлойсуз?

-Азырынча түшүнүксүз суроолор көп, биз баарыбыз бийликтен Конституцияга өзгөрүү киргизүүнүн текстин күтүп жатабыз. Бул абдан кыйын, татаал иш, анын кечиктирилишин түшүнүп жатам. Бул жүздөгөн макулдашууну талап кылган коомдук келишим.
Коомдо көптөгөн ар кыл күчтөрдүн, ой-пикирлердин агымы бар. Акыркы 10 жылдан бери көп өзгөрүүлөр болду, дүйнө өтө өзгөрдү, биздин курчаган дүйнө бир орунда турган жок. Ошондуктан каалаган нерсебизди өзгөртөбүз деп, Негизги мыйзамдын бардык тарабын кескилеп жатабыз. Бир кирпичти алмаштырабыз деп, бүтүндөй имаратты бузуп албайлы!

Текстти көргөндөн кийин талкуулар башталат, жаңы нерселердин айланасында консенсус болобу же баары ажырап кетеби, ошондо белгилүү болот.

Андан бийлик Конституциянын жаңы текстин Президентти шайлоо менен катар коё алары көз каранды. Бирок менин күмөнүм бар. Бул жеңил эмес процесс, таскактап чуркап кетүүгө болбойт, баарыбыз ойлонуп, окуп, коомго туура келгидей жагын карап көрүшүбүз керек. Ошондой эле Негизги мыйзамды кабыл алуунун протоколдук регламенти бар, аны эл аралык коомчулук кабыл алышын каалаган бардык өлкөлөр сакташат.

-Президенттик шайлоо кандай өтөт деп ойлойсуз?

-Президенттик шайлоо негизинен бийликтин маңызын түшүнүү үчүн күрөш талаасы болот. Президенттик бийлик менен парламенттик бийликтин маңызын түшүнөбүзбү? Иш жүзүндө ушул шайлоо процессинин баары-президенттик шайлоодон тартып, референдум, парламенттик шайлоого чейин элибиздин саясий жактан агартуу мектеби, өсүп жетилишинин мектеби болуп калат.

Элдин эс тутуму ушунчалык кыска келет. Биз өткөндү эле барактап көрбөйлүбү: президенттик, авторитардык-үй-бүлөлүк бийлик элдин кандай нааразычылыгын туудуруп, биринчи жана экинчи президентти кулатып салбады беле? Экинчиси Кокон хандыгын куруп албады беле, ага далил толуп жатат. Атамбаев болсо аларга каршы күрөшмөк болуп, бирок өзү да авторитардык башкаруудан кем калышкан эмес.


Толук эмес он жылда биз парламенттик бийликти аңдап-биле элекпиз, толук түшүнө элекпиз. Эми болсо жаңы бийликтин шыкагы менен электорат анын баарын токтотуп, кайра бир күчтүү колго өткөрүп берүүнү талап кылып жатат.

Атаганат, бул жаш, алсыз, кедей мамлекеттердин маңдайына жазылганы экен, бир кооптуу абалдан экинчисине өтө берген. Убакыт баарын өз ордуна коет деп ишенем. Биз жетишкендигибизди, тажрыйбабызды, аргументтерибизди жана ой-толгоолорубузду эстен чыгарбашыбыз керек. Бири-бирибизди угуп, алыскы жана жакынкы шериктерибиздин тажрыйбасын алышыбыз керек. Мекендештерибиз алыста, турмуштун казанында кайнап жатышат, алар дүйнөнүн чар тарабында азыркы жашоону салыштырып, сереп салууда. Ошондой эле нан таап берген киши катары бул жактагы үй-бүлөсүнө дагы таасир берүүдө.

Баарыбыз биргелешип, өлкөнүн тагдыры, анын келечеги, балдарыбыздын келечеги тууралуу ойлонобуз. Биздикиндей мобилдүү, демилгечил элибиз менен парламентаризмдин, саясий өнүгүүнүн прогрессивдүү жолунан артта калбайбыз. Биз муну соңку 30 жылдан бери далилдеп келе жатабыз.

Акырында айтарым: Мен азыр Нельсон Манделанын “Өзүм менен сүйлөшүү” деген китебин окуп жатам. Азыр артка кайтуу боло турганы анык. Кокусунан шериктеш жолоочулар, бийликке умтулгандар, каршылаштар ушунча көбөйдү! Барар багытын билген массанын басымы биздин аргументтерибизден күчтүү болуп жатат. 27 жыл түрмөдө отурган Манделанын абалы өтө кайгылуу болгон. Бирок түрмөнүн терезесине жарыктын шооласы түшкөндө, ал андан келечегин, бардык азап-тозокторго чыдаган келечекти көргөн.

Ал тургай өч ала турган мезгилге жеткенде да, ал элдешүүгө тикесинен тик туруп берген, элинин биригиши үчүн, күчтөн принциптерди жогору коюш үчүн. Биз дагы бийлик үчүн улак тартышта чачырап кетпей, бир эл, бир улут катары бир болушубуз керек. Саясий талашып-тартышуубуз, эмоциябыздын ашып-ташып кетиши жаш мамлекеттин пайдубалын уратпашы керек. Биз бир мамлекеттин жарандарыбыз, өлкөбүз жана элибиз тууралуу ойго батып, аларга кам көргөн бир элдин урпактарыбыз.

Жакында британиялык “Экономист” журналынын интервьюсунда менден “Октябрь айындагы окуялар силердеги демократиянын аякташы деп айтып жатышат” деп суроо беришти. Мен “таптакыр андай эмес” деп жооп бердим. Биз өсүп келатабыз, өсүү оорусу менен ооруп жатабыз, биздин дараметибиз чоң, биз мамлекетти, мамлекеттик бийлик институттарын модернизациялоону улантууну көксөп жатабыз деп жооп бердим.

Сабаттуу, активдүү жаштар , 21-кылымдын мууну өсүп жатат, алар артка кайтууга барбайт, алга гана кадам коюшат. Биз кол куушуруп олтуруп алганыбыз жок, күрөшүп, тобокелге барып, кайсы бир нерседен өксүп жатабыз, бирок саясий процесстерди кыймылдатып, алга жылуудабыз. Андай нерсе оңою менен ишке ашпайт!. Биз прогрессивдүү өзгөрүүлөр боло турганын билебиз, ага ишенебиз, өзгөрүүлөр ишке ашат, коомдун демократиялуу болушу бизге экономикалык жактан гүлдөп-өсүүгө жол ачат деп ишенебиз.

АКИpress агенттигинен. (Орусчадан которулду).