Премьер-министрдин ыйгарым укуктары Артем Новиковго өттү

  • 3 года мурун

Шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга ылайык, премьер-министрдин кызматтык ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоонун жыйынтыктары аныкталганга чейин токтотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Ушул эле буйрукка ылайык, Президентти шайлоо мезгилинде премьер-министринин милдеттерин аткаруу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковго жүктөлдү.

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Президенттикке талапкер болууга БШКга арыз берди. Ошол себептүү ал Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укуктарын өткөрүп берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты