Жапаров: Конституциянын долбоорунда депутаттар санын 90го чейин кыскартуу сунушталды

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 12-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан басма сөз жыйынында журналисттердин «Конституцияны өзгөртүү диктатурага жол бербейби?» деген суроосуна жооп берди.

Ал Негизги мыйзамды өзгөртүү – жеке өзүнүн эмес, элдин талабы экенин белгиледи.

«Акыркы нааразылык акциялары парламенттик башкаруу системасына жана бийликтин саясатына каршы болгон. Учурда долбоор даярдалып жатат, аны ар кыл тармактын адистери даярдашууда жана жакында парламентке сунушталат.

Бир мандаттуу шайлоо – бул дагы элдин талабы, меники эмес, бирок биз бул маселени бардык саясий күчтөр менен талкууладык. Долбоордо бир мандаттуу да, партиялуу да система болору жазылган. 55 депутат партия аркылуу, калгандары бир мандаттуу система менен шайланып келишет. Депутаттардын санын 90го түшүрүү сунушталууда» деди Садыр Жапаров.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

Айрым жарандык коом өкүлдөрү Садыр Жапаровду «бийликти узурпация кылууда» деп сындап жатышат. Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Ош шаарында эл менен жолугушуу учурунда «бийликти узурпация кылууда» деген саясий атаандаштарынын дооматтарын четке кагып, «бардык өзгөртүүлөр ачык-айкын өтөт» деп айткан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты