​Израилдик чалгындоочунун компаниясы менен түзүлгөн келишимге Кыргыз өкмөтүнүн атынан кол коюлган. Фактчекинг

Кыргызстандын Президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Ренессанс” агрардык-өндүрүш корпорациясы аркылуу Канадалык «Dickens&Madson Canada» компаниясы менен келишим түзүлгөнүн Foreinglobby.com маалымдаган.

“Ренессанс” агрардык-өндүрүш корпорациясынын жетекчиси Абдыманап Карчыгаев “Кабар” агенттигинде бул тууралуу маалымат жыйналышын өткөргөн. Ал Канаданын «Dickens&Madson Canada» консалтинг компаниясы менен түзүлгөн келишимге Садыр Жапаровдун Тиешеси жок экенин билдирген :

Бул келишимге мамлекеттин тиешеси жок. Бул келишим ишке ашса Кыргызстанга жалпысынан 8 млрд 600 млн доллар грант келет. Анын ичинен 600 млн COVID-19 менен күрөшүш үчүн, 4 млрд экономикага көмөк көрсөтүүгө, 2 млрд Кытайдын карызын төлөөгө; 2 млрд “Ренессанс” компаниясына сарпталат”, — деп билдирген Абдыманап Карчыгаев.

Ошондой эле, Абдыманап Карчыгаев келишим качан жана кимдер тарабынан түзүлгөн деген журналисттердин суроосуна төмөндөгүдөй жооп берди:

Келишим 2-сентябрда түзүлгөн, 1миллиондун жарымын төлөөдө достор жардам берди. Экинчи жарымын төлөгөндө, гранттар Кыргызстанга келе баштайт”, — деди Абдыманап Карчыгаев.

Келишимде Кыргыз Өкмөтү көрсөтүлгөн

Биз чуу жараткан келишимди кайрадан карап көрдүк. Ал келишим АКШнын Юстиция министрлиги көрсөткөн үлгү формасына дал келет. Андан сырткары, келишимдин бешинчи бөлүгүндө тапшырык берүүчү Чет өлкөнүн өкмөтү деп белгиленсе, ушул эле документтин алтынчы бөлүгүндө: А) Кыргыз Республикасынын Президенти жана Премьер-министринин Аппараты, Садыр Жапаров; Б) Кызмат адамы катары Карчыгаев Абдыманап Жолдошевич белгиленишкен.

Башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен «Dickens&Madson Canada» компаниясынын ортосунда “Ренессанс” компаниясы ортомчу болуп жатканын байкаса болот.

Келишимде эмнелер каралган?

Келишимде «Dickens&Madson Canada» компаниясы Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу жана Премьер-министри ортосунда бир канча мамлекеттин жогорку эшелондогу аткаминерлери жана бейөкмөт уюмдары менен жолугушууларды уюштурууга милдеттенет. Алардын ичинде АКШ, Израиль, БАЭ жана Сауд Аравиянын өкүлдөрү бар.

Келишимдин биринчи бөлүгүндө АКШ COVID-19дан келип чыккан экономикалык кыйынчылыкты, коопсуздук маселесин жана агрардык көйгөйлөргө жардам берет деп айтылат. Аны менен бирге Израиль коопсуздук маселесине жардам бере турган болсо, БАЭ жана Сауд Аравиясы Кыргызстанда жол инфраструктурасына жана нефть өндүрүшүнө кызыктар экендиги айтылат.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучусу менен Эр-Рияд жана Абу-Даби шаарларында жолугушуулар уюштурулаары көрсөтүлгөн.

Келишимге кимдин атынан кол коюлган?

Маалымат жыйынында Абдыманап Карчыгаев келишимге 2-сентябрда кол коюлганын айткан. Ошондой эле, Абдыманап Карчыгаев бул келишимге Кыргыз Өкмөтүнүн, анын ичинде Садыр Жапаровдун тиешеси жок экенин белгилеген. Бирок, документтин акыркы бетинде 30-октябрда кол коюлганы жана “Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу атынан” деп Карчыгаев Абдыманап Жолдошбаевичтин колу турат:

Президенттин Аппараты эмне дейт?

Буга чейин Президенттин пресс-кызматынын жетекчиси Галина Байтерек Президенттин милдетин аткаруучу жана Премьер-министр Садыр Жапаровдун бул келишимге тиешеси жок экенин билдирген:

“Биздин мыйзамдарга ылайык, мамлекет жеке компаниялардын келишимдерин көзөлдөбөйт. Буга ылайык, мындай келишимдерге мамлекет башчысы кол коюусу мүмкүн эмес. Келишимге кол койгондор Садыр Жапаровдун атын колдонуп атышы мүмкүн. Мамлекет башчысынын бул документке тиешеси жок”, — деген Галина Байтерек.

Мындан сырткары, мындай көрүнүштөр келе жаткан президенттик шайлоого байланышы болушу мүмкүн деп билдирген Галина Байтерек.

Жеке компания мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтө албайт

Биз бул келишим боюнча юрист Таттыбүбү Эргешбаевага кайрылдык. Анын айтымында, жеке компания мамлекеттин кызыкчылыгын көрсөтө албайт:

“Биринчиден, бул келишимге жеке компания кол кое албайт. Анткени анын ичинде мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн шарттар бар. Биздин мыйзамдарда мындай нерселер каралган эмес. Экинчиден, мындай стратегиялык документтер жөн жерден чыкпайт. Ошентсе да, мындай келишимдер Жогорку Кеңештен өтүш керек. Эгер документтерде аталган аттардын тиешеси бар болгондугу такталса, “Мамлекетке кыянаттык” беренеси менен териштирилиши керек”, — деди Таттыбүбү Эргешбаева.

Мындан сырткары, Таттыбүбү Эргешбаева мамлекеттин атынан кол койгон компаниянын жылдык финансылык отчету жок экендигин белгилеп, ал лоббисттик компанияга берген акчанын келип чыгышын текшериш керек экендигин айтты.

Foreinglobby.com сайтынын негиздөөчүсү жана редакторунун билдирүүсү

Foreinglobby.com сайтынын редактору Жулиан Пикей “Ренессанс” компаниясынын жетекчиси кол койгон келишим боюнча “Азаттык” үналгысына маалымат берген.

Жулиан Пикейдин айтымында, жаңы өкмөт башка өлкөдөгү лоббисттик компаниялары менен келишим түзгөнү адаттагы эле көрүнүш:

“Жаңы өкмөт өзүнүн кызыкчылыктарын сүрөө үчүн лоббисттик компанияны жалдашы адаттагы көрүнүш. Өзүнүн колу көрүнбөш үчүн, кызыкдар тарап ортомчулар аркылуу келишим түзүшү толук ыктымал. Мындай көрүнүш көп кездешет”, — деди Жулиан Пикей.

Ошондой эле Жулиан Пикей келишимдин мүнөзү боюнча да кеп салган:

“Канаданын лоббисттик компаниясы менен түзүлгөн келишимге Кыргызстан өкмөтү тиешеси жок делгени менен, келишимде Кыргызстандын кызыкчылыктары сүрөлө турганы айтылат. Айрыкча, лоббисттер Кыргызстандын өкүлдөрүн АКШ менен Израилдин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурууга милдеттенгени айтылат. Менин оюмча, «Dickens&Madson Canada» компаниясында АКШнын Юстиция министрлигине калп айтканга негизи жок. Андан сырткары Ари Бен-Менаше өз ишин аткаруу үчүн 500 миң доллар алганын ырастады”, — деди Foreinglobby.com сайтынын редактору.

Мындан сырткары, Жулиан Пикей лоббисттик компаниялардын кызматтарын Жакынкы Чыгыштагы бири-бири менен жаңжалдашып жаткан тараптар колдоноорун айтты.

Ари Бен-Менаше жана анын компаниясы

Ари Бен-Менаше жана анын компаниясы Жакынкы Чыгышта бир канча мамлекетте ар кайсы күчтөрдүн кызыкылыктарын сүрөгөндүгү ачык булактардан белгилүү. Айрыкча, Ливияда жана Тунисте ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү маалым. Мындан сырткары, биздин редакция Ари Бен-Менашенин компаниясы тууралу маалымат чыгарган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты