Коронавирусту тоготпогон тойканалар

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда 22-марттан баштап карантиндик чектөөлөр киргизилген. Чектөөлөрдүн негизинде, өлкө ичиндеги бардык социалдык жана экономикалык кыймыл-аракеттер токтотулган. Карантиндик чектөөлөр алынганы менен кафе, ресторандарга той өткөрүүгө, элүүдөн ашык адамды топтоого тыюу салынган.

Ошого карабастан, ресторандар жана тойканалар өз ишмердүүлүгүн санитардык эрежелерди бузуу менен улантып жатканын көрүүгө болот. ПолитКлиника медиасы ушул боюнча иликтөө жасап көрдү. Биздин редакция, 2 күндүк кечки көзөмөлдөөнүн натыйжасында 5 ресторанда той өткөрүлүп жатканына күбө болду.

5-ноябрь күнү кечки саат 20:00 дан кийин той өткөрүп жаткан 3 ресторан

1. “Darshan Hall” рестораны 20:08

2.”Асман” рестораны 20:59

3.”Алмарасан” ресторанында 21:41 де той болуп жаткан.

Ал эми 6-ноябрь күнү да ушундай эле көрүнүштөр

4.”Luxury” ресторанында саат 21:26 да

5. “Тумар” ресторанында саат 21:40 та улантылып жатты.

Санитардык эрежелер сакталган эмес.

Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 11-майында алынган токтомго ылайык коронавирус пандемиясы учурунда жеке мекемелер аткарууга тийиш болгон санитардык эпидемиологиялык талаптар жазылган.

Алар:

1. Мекемелердин кире беришине дезинфекциялоочу каражаттар жана температураны өлчөөчү термометрлерди орнотуу;

2. Кызматкерлер жана кардарлар үчүн жеке гигиена эрежелерин сактоо үчүн шарттар түзүү;

3. Бир жолу колдонулуучу маскаларды милдеттүү түрдө тагуу;

4. 1.5 — 2 метр аралыкты сактоо;

5. Мекемени үзгүлтүксүз желдетип туруу;

6. Ресторан жана кафелерде кишинин санын 50 дөн ашырбоо;

Бирок, бул талаптардын эч бири алткарылбаганын, жеринен алынган сүрөт жана видеолордон байкоого болот.

3000 сом маселени чече алабы?

Бишкек шаарынын вице-мэри Азиз Алымкуловдун берген маалыматына караганда, Бишкекте 14-майдан 1-июнга чейин 6425 объект текшерилип, санитардык ченемдерди бузуу боюнча 692 протокол түзүлгөн. Ага ылайык, айып пулдар салынып жалпы баасы 1 миллион 558 миң 500 сом болгон. Алардын ичине кафе жана ресторандар да кирип, “Center Bar», «LIVE BAR» жана «Ыр Кесе» кафелеринин иши токтотулган.

КРнын Бузуулар жөнүндөгү кодексинини 293-беренесине ылайык, коронавирус пандемиясы учурунда эрежелерди сактабаган кафе жана ресторандардын администрациясына 3000 сом өлчөмүндөгү айып пул төлөтүү каралган.

Бул сумманы той өткөрүп жаткан ресторандардын, тапкан кирешеси менен салыштырганда аябай аз экени белгилүү. Мисалы, ресторандарда орточо эсеп менен 1 кишини тейлөө 1300 сомдон баштап бааланат. Эгерде той ээси 200 конок чакыра турган болсо ресторанга 260 миң сом төлөйт.

Ошондой эле, вице-мэр Азизбек Алымкулов, 11-сентябрда санитардык нормаларды сактабаган кафе жана ресторандардга жазаны күчөтүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Ал бул тууралуу маалымат берип жатып: “Эгерде өзгөчө кырдаалдар (карантин) мезгилинде чектөөлөрдү кайталап бузгандар тууралуу фактылар аныкталса, КРнын 150-жана 293-беренелерине ылайык, материалдар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына өткөрүлүп берилет. Эгерде Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 127-1-беренеси жана кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча кылмыштар катталса, анда жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт. Башкача айтканда, биринчи эреже бузуу үчүн , айып пул жана эскертүү, экинчиси үчүн айып пул жана кылмыш иши козголот”, — деп белгилеген.

Балбак Тулөбаев: 3000 сомду төлөп кайра өз иштерин улантышууда

Бишкек шаарынын мэри Балбак Түлөбаев 4-ноябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына тойкана жана ресторандардын ишмердүүлүгү тууралуу өз оюн бөлүшкөн.

Эпидемиологиялык нормаларды сактабаган кафе жана ресторандарга мындан кийин кандай чаралар көрүлө тургандыгы тууралууу өзүнө байланышып сураганыбызда:

“Кафе жана ресторандарда 50 кишиге чейин уруксат бергенбиз. Мекеменин ичинде санитардык маска болушу керек жана аралык сакталыш керек. Азыркы учурда, өзгөчө тойканалар бул норманы сактабай жатышат, аталган нормаларды сактабагандарга 3000 сом айып пул салынат. Бул сумма аз болгондуктан, төлөп коюп эле иштеп жатышат. Ошондуктан мен жаңы долбоор сунуштадым. Ал сунуш комиссиянын кароосуна коюлуп, долбоор кабыл алынганга чейин убакыт талап кылынат. Ал эми кафе жана ресторандар мындан ары дагы такыр укпай, өз ишмердүүлүгүн жүргүзө бере турган болсо анда таптакыр жаап салуу керек болот”, — деп билдирди.

Ресторандар: “Сиз кабатыр болбоңуз, эшик терезелерди бекитип тоюңузду өткөрүп беребиз”

Коронавирус пандемиясы күчөп турган учурда, кафе жана ресторандар мындан кийинки ишмердүүлүгүндө кандай кадамдарга бараары тууралуу, кардар катары 2 ресторанга байланышып, сурап көрдүк.

1-ресторан:

— Биз той өткөрүү боюнча сурайын деп жатканбыз. Ушул айдын ичинде бош күн барбы? Тойго 200 конок чакырууну пландап жатабыз. Бирок, карантиндик чектөөлөрдөн улам, 50 кишиден ашык конок чакыра албайсыңар деп жатышат. Эгер 200 конок чакырганыбыз билинип калса канча айып пул төлөп калабыз?

— Ооба, бош күндөр бар. Ал эми чектөөлөр боюнча өкмөт 10-11-ноябрда жумушка чыкса, жок дегенде чечимдин мөөнөтүн бир жумага жылдырат. Эгерде, карантин деп такыр эле жабылып кала турган болсо, эшик-терезелерди жаап туруп эле, тойду өткөзүп беребиз. А штраф боюнча кабатыр болбоңуз. Эгер билинип калса аны биз төлөйбүз.

Ал эми 2- ресторандын администрациясына да ушундай эле суроолорду бергенибизде:

«Ооба, 200 кишини чакыра берсеңиз болот. Эгер, айып пул салынып калса аны биз төлөйбүз. Ресторандарды карантинге жаппаса керек деп ойлоп жатабыз. Эгер такыр айла жок болуп калса, светтерди өчүрөбүз, эшиктерди жабабыз анан тойду өткөрүп беребиз”, — деп жооп беришти.

Натыйжада, ресторандардын көпчүлүгүндө 200 киши чогултуп, эшик терезелерди жаап той өткөрүүгө боло турганын айтышты.

Айыпка жыгылган кафе-ресторандар

10-сентябрда Бишкек шаардык мэриясы, пандемия учурунда өз ишмердүүлүгүн улантып жаткан ресторандарга рейд жүргүзгөн. Ошол күнү 40ка жакын мекеме текшерилип, 8 кафе жана ресторандардын санитардык эрежелерди бузгандыгы аныкталган.

Алар:

1. «Азия» кафеси;

2.»Улуу-Тоо» чайханасы.

Ресторандар:

3.»Береке»;

4. «Нур Суфра»;

5. «Дасмия»;

6.»Ак-Сарай»;

7. «Сый-Ордо;

8.”Ала-Тоо”.

Аталган мекемелеринин администрациясына карата айып пул салынып, протоколдор түзүлгөн. Мындан сырткары, “Кайнар” ресторанында 11-июнь күнү экс-депутат Өмүрбек Бабанов маркум болгон эжесинин зыйнатын өткөрүү учурунда, 50 кишиден ашык конок келгендиги жана санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн айып пул салынган. Андан кийин да, 17-августта аталган ресторандын администрациясына санитардык эрежелерди сактабагадыгы аныкталып чара көрүлгөн.

Коронавирус боюнча абал кандай?

Кыргызстандагы акыркы статистика боюнча, covid-19 илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 61 748, айыгып чыккандардын саны 52 855, ал эми каза болгондордун саны 1170 адамды түздү.

Статистикалык маалыматтарга карап көрө турган болсок, коронавирус пандемиясынын биринчи толкунун эң күчөгөн учуру июль айына туура келген. Анда, ушул айдын 19-июлунда, бир күндө 11 миң 505 адамдан коронавирус аныкталган.

Ал эми октябрь айынан баштап коронавирус менен ооругандардын саны өсүп жаткандыгы байкалат. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин парламенттин жыйынындагы билдирүүсүнө караганда, Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну 10-15 күндө жогорку чегине жетет деп билдирген.

Жыйынтыктап айтканда, кафе жана ресторандардын санитардык нормаларды бузуу менен иш жүргүзүп жаткандыгы аныкталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты