​Саламаттыкты сактоо министрлигинин эки башка маалыматы. Фактчекинг

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Reporter.kg сайтына берген маалыматында коронавирустун жайылуусу 20 күндөн кийин басаңдайт деп билдирген. “Учурда вирусту азайта турган бир топ иш-чаралар жүрүп жатат. 15-20 күндөн кийин коронавирустун пик формасы азая баштайт. Ал азайганы менен сасык тумоо башталышы мүмкүн”, — деген.

Коронавирус чын эле жакын арада басаңдашы мүмкүнбү, ПолитКлиника медиасы изилдеп көрдү.

Министрлик эмне дейт?

Саламаттыкты сактоо министри 5-ноябрда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, “Коронавирустун экинчи толкуну жүрүп жатат. Туу чокусу биздин прогноз боюнча 15 күндөн кийин башталат. Эки айга даярдык бар. Стационарлар ачылып, дарылар, СИЗдер жеткирилди. Ноябрь, декабрь айларында сезондук грипп менен коштолот”, — деп айткан.

Эки башка айтылган маалыматты тактоо иретинде Саламаттыкты сактоо министрине байланыша алган жокпуз. Ал эми аталган министрликтин маалымат катчылыгы тактап бере албастыгын айтты.

Эпидемиолог, медицина илимдеринин доктору Вера Тойгомбаева мындай билдирүүдөн алыс экендигин айтат:

Мындай айтыш өтө оор. Коронавирус жаңы оору. Биздин спецификабыз, социалдык шартыбыз башка. Европа, Кытайдай эмеспиз. Бул сыяктуу так прогноз бере албайбыз. Грипп кошулса кышында анын таасири менен көтөрүлүшү да мүмкүн. Коронавирус бизге орноп калды десек болот. Жакын арада эч жакка кетпейт. Биздин милдет көрсөткүчтү туруктуу абалда кармоо. Биз дарылаганды үйрөнүү, өлүмдү азайтканга аракет кылышыбыз керек», — дейт эпидемиолог.

Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигинин божомолуна мындай комментарий берди: “Бул божомолдун туура экендигине кепилдик бере албайм. Бизде тереңден изилдеген лабораториялар деле жок да. Америка, Россия, Кытайдагы изилдөөлөрдү угуп жыйынтык чыгарып жатабыз. Май айында бүтөт деген да божомол айтылбады беле. Анын жыйынтыгы кана? Тигил өлкөдө азайса, бизде да азаят дегенге мен каршымын”, — деди.

Учурдагы абал туруктуу экендигин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев билдирди:

“Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун ошол эле учурда башка мамлекеттердин дагы эпидемиологиялык абалды баалоо боюнча ыкмалары бар. Биз учурдагы абалды репродуктивдик сан деген ыкма менен өлчөп көрдүк. Ал ыкма коронавирустун жайылуусун өлчөйт. Биздин учурда көрсөткүчтүк индекс 1 деген бирдикте турат. Бул азыркы абал туруктуу экенин айгинелейт. Бул өтө тез ойнобой турган сандар. Көрсөткүчтүк индекс 1 менен туруп турса абалды курчутуп ийбегенге шарт бар дегенди билдирет. Бул математикалык эсептөөлөргө байланыштырылып айтылган сөз”, — деди ал.

Репродуктивдик сан жөнүндө

Германиянын Роберт Кох институтун маалыматында, репродуктивдик сан R — бул бир оорулуу адам башка канча адамга оору жуктургандыгын көрсөтөт. Пандемиянын баштапкы учуру R0 болуп эсептелет. Бул көрсөткүч R2ден R4кө чейин жеткен, демек оору жуктуруп алган 1 адам орто эсеп менен 2-3 адамга жуктуруп турган. Репродуктивдик сандын таблицасы төмөндөгүдөй:

  • Эгер R 1ден жогору болсо, күндөн күнгө ооругандардын саны көтөрүлүп жатат;
  • Эгер R 1ге барабар болсо, жаңы учурлардын саны туруктуу экенин билгизет;
  • Эгер R 1ден төмөн болсо оору жугузгандардын саны азайып жаткандыгын көрсөтөт.

Демек бизде R1 барабар, абал туруктуу.

Covid-19 республикалык штабынын билдирүүсү боюнча 7-ноябрга карата ооруну жаңы жуктуруп алгандардын 556 учуру катталып, 2 киши көз жумган. Жалпы жуктургандардын саны — 62 миң 304кө жетсе, айыккандардын саны — 53 миң 406. Каза тапкандардын жалпы саны болсо — 1172 кишини түзгөн.

Бул ПЦР тестин тапшыргандардын саны гана. Ал эми вирусту жуктуруп үйүнөн дарыланып жаткандар, эсепке киргизилген эмес.

Башка өлкөлөрдө кандай?

Deutsche Presse-Agentur агенттиги Германияда 7-ноябрда оору жуктуруп алгандардын саны19 990го болгонун жазып чыккан.

15-июнда Германияда оору жуктуруп алуунун саны 192ге чейин түшкөн. Бирок, күздөн тарта коронавирус кайра күч алган. Азыркы учурда Германияда экинчи ирет карантиндик абал киргизилген.

Англия мамлекетинде бүгүнкү күнгө оору жуктуруп алгандардын саны 1 123 197го жетти. Июнь айында репродуктивдик сандын индекси R 0.79га чейин түшкөн. Ал эми август айында R 1.39 га чейин чыккан.

Жыйынтык: КРнын Саламаттыкты сактоо министри эки түрдүү маалымат берген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты