Бабанов: “Президенттик кызматка талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим”

  • 3 года мурун

Экс-премьер-министр, 2017-жылы Президенттикке талапкер болгон Өмүрбек Бабанов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо талапкер болбой тургандыгын билдирди.

Бабанов Фейсбук баракчасы аркылу кыргызстандыктарга кайрылды:

-Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз.

5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар!

Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө алаарына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабастыгын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.

Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүү керек. Сот системасынын толук кандуу көз карандысыздыгын камсыздап, парламентти күчтөндүрүү керектигине так түшүнүк бар.

Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем. Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын Президентинин кызматына өз талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим. Садыр Нургожоевичтин (Жапаров-ред.) талапкерлигин колдоо чечимин кабыл алдым, -деди Өмүрбек Бабанов.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты