Курсан Асанов үй камагына чыгарылды

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралып, ал үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Курсан Асанов кылмыш ишинде анын күнөөсү жок экенин айтты.

— Мени кармаган бул шоу, мурунку бийликтин кандайдыр буюртмасы, — деп билдирди Асанов.

12-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечимине ылайык, Курсан Асановду Бишкектеги №1 убактылуу абак жайына 2 айга, 13-декабрга чейин камоо чечими чыккан.

Ал «массалык башаламандыкты уюштурган» деген айып менен 9-октябрда кармалган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты