Садыр Жапаров: “Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт”

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарынын жана облустун активи менен жолугушту. Жапаров көпчүлүк жарандарды кызыктырган 2020-жылдын 10-январына белгиленген Президенттик шайлоо боюнча суроого позициясын билдирип, шайлоого талапкер катары катышарын кошумчалады.

«Президенттик шайлоонун мөөнөтүн эмне үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы белгиледи деген суроолор айтылууда. Жогорку Кеңеш өз убагында Президенттик шайлоонун датасын белгилей алган жок. Ошондуктан бул милдет автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясына өттү. Мыйзам чегинде БШК шайлоо күнүн белгиледи.

Мен буга чейин билдиргендей, шайлоого катышам. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан адам — мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо Президенттин кызмат ордуна талапкер болууга укугу жок. Ошондуктан өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын баарын мыйзам чегинде өткөрүп берип, кадимки жаран катарында катышам» деди Жапаров.

Ошондой эле партиялык система жана конституциялык реформа боюнча сөз кылды.
«4-октябрда болгон депутаттарды шайлоодогу элдин ичиндеги нааразычылыктар эң туура деп эсептейм. Партиялык система 10 жылда өлкөнү талкалады: кландык системаны жаратты, баарыбызды бай-кедейге бөлдү, уюшкан коррупциянын гүлдөшүнө алып келди.

Ошондуктан элдин суроо-талабын аткаруу максатында биз конституциялык реформаларга барабыз. Азыр реформалар жана референдум боюнча тийиштүү эксперттер, адистер иштеп жатат.
Эл менен акылдашмайынча эч кандай референдум болбойт. Баш мыйзамга киргизилүүчү өзгөртүүлөр боюнча ар бир жарандын сунушу эске алынат, -деди ал.

2-ноябрда Жапаров Баткен облусунда инфраструктуралык объектилердин курулушуна барып, бир катар жолугушууларды өткөрдү. Өлкөдөгү саясий абал, чек арадагы кырдаал, коронавирус жана коррупцияга каршы аракеттер тууралуу маалымат берди.

Жапаров 3-ноябрда Ош шаарын, 4-ноябрда Жалал-Абад облусун кыдырат.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты