АКШда президенттик шайлоо өтөт
- 3 года мурун
Америка Кошмо Штаттарында бүгүн, 3-ноябрда, президенттик шайлоо өтөт.
Негизги күрөш учурдагы Президент Дональд Трамп менен мурдагы вице-президент, демократ Джо Байдендин ортосунда болмокчу.
Соңку сурамжылоо Байдендин алдыда келе жаткандыгын көрсөттү, бирок алдын-ала айтууга да болбойт .Пандемиядан улам көпчүлүк шайлоочулар алдын-ала добуш беришкен.
Вашингтондо, Колумбия округунда не бар, не жок деп, дүкөнчүлөр окуянын ар кандай бурулуштарына, тартипсиздикке алдын-ала даярданып коюшканы ЖМКда маалымдалууда.
Айта кетсек, Президенттикке талапкер Дональд Трамп 74 жашта, Джо Байден — 77 жашта.
Сүрөттө: Талапкерлер Трамп жана Байден. Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү