Бишкекте Франциянын президентине каршы митинг өттү

  • 3 года мурун

1-ноябрда Бишкек шаарында 500дөй киши Франциянын президенти Эммануэл Макронго каршы акцияга чыгышты. Алар Мухаммед пайгамбарды шакаба сүрөттөргө тартууну жана исламга каршы чакырыктарды токтотууну талап кылышты.

Акциянын уюштуруучусу, активист Абдулхамид Таштанов француз лидерин дүйнө мусулмандарынан кечирим суроого чакырды. Митингде экс-депутат Турсунбай Бакир уулу да сөз сүйлөдү.

Чогулгандар «Франция, исламдан колуңду тарт», «Биз карикатурага каршыбыз», «Биз исламды кемсинтүүгө жол бербейбиз», «Биз пайгамбарыбызды сүйөбүз» деп жазылган транспаранттарды кармап турушту.

30-октябрда Ош шаарында да ушундай акция өткөн. Анда Макрондун жүзүнө буттун изи түшүрүлгөн сүрөттөр калаадагы жолдордун жүргүнчүлөр өтчү жерлерине жабыштырылган.

16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга «Charlie Hebdo» журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген. Ал Франция сөз эркиндигинен, карикатурадан баш тартпай турганын айтып, бул окуяларды «исламчыл террорчул чабуул» деп мүнөздөгөн.

Макрондун чакырыгы Түркиянын өкмөтүн камтама кылып, мусулмандарга каршы күрөш катары мүнөздөлгөн. Ушундан улам эки өлкөнүн дипаломатиялык алака-каташы чыңалып турат.

Франциянын президентине мусулман коомчулугунун айрым катмарынын нааразы маанайы күч алып турган учурда Ницца шаарында 29-октябрда бычак менен куралданган белгисиз адам чиркөөнүн жанында үч адамды өлтүрдү. Кол салуу учурунда ал «Аллах акбар!» деп кыйкырган деген маалыматтар тарап жатат. Бул кылмыш теракт катары териштириле баштады жана шаардагы бардык чиркөөлөр жабылды.

29-октябрда өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Авиньон шаарында бычакчан адам полицияга кол салса, 31-октябрда Лион шаарында белгисиз адам чиркөө кызматкерине ок чыгарган.

Кол салуулардан кийин Францияда террордук коркунучтун жогорку деңгээли жарыяланып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты