Диний экстремизмге каршы: Эмнелерге көңүл буруу керек?

  • 3 года мурун

Президенттин алдындагы дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана «Глобалдуу медиа өнөктөштүк» (Улуу Британия жана «ИнтерфейтКансил» (Диндер аралык биримдик, КР) менен бирге КР лидерлери жана жарандык коомчулук үчүн 27-октябрда «Жарандык коом диний экстремизмге каршылык көрсөтөт» темасында онлайн-семинар болуп өттү.

Катышуучулар алдында Улуу Британиядан эксперттер Шаукат Варрайх– («Faith Associates» уюму) жана София Махмуд – («Empowering Minds» уюму) сүйлөдү. Алар Лондон, Брэдфорд жана Британиянын башка шаарларынын мусулман коомчулугунда социалдык-багытталган долбоорлордун үстүндө ийгиликтүү иш алып барышууда.

Алар экстремисттик жана террористтик үгүттөөлөргө каршы жолдорду издөө, ошондой эле алардын коомдорунун ынтымагын жана конфессиялар ортосундагы диалогду бекемдөө боюнча өз өлкөлөрүндө жүргүзүлүүчү диний коомчулуктардын иш тажрыйбалары менен бөлүштү.

Кыргызстан тараптан Мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Кадыр Маликов жана «Мутакаллим» уюмунун директору Жамал Фронтбек кызы, теолог Марс Ибраев тажрыйбалары менен бөлүштү.

Иш-чарага 40тан ашуун адам – аймактардын жана борбор калаабыздын дин уюмдарынын өкүлдөрү, теологдор, активисттер жана жарандык коом, медиа өкүлдөрү катышты.

Сүрөттө: Онлайн-семинардын жүрүшүнөн. Марс Ибраев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты