​Энергетиктер талабын атайын комиссиянын кароосуна коюу сунушталды

  • 3 года мурун

Нааразылык акциясынын катышуучуларына чыккан өкмөт өкүлү Марат Чолпонкулов энергетиктерди жумуш ордуна кайтып, ишти үзгүлтүккө учуратпоого чакырды. Маселени атайын комиссия түзүп чечүүнү сунуштады. Комиссиянын курамына мамлекеттик мүлк фондунан, кесиптик кошуундар уюмунан, нааразычылык акциясына чыккандардан үч киши кире турган болду.

Нааразычылык акциянын катышуучулары талабы аткарылмайынча, жумушка чыкпай тургандыктарын билдиришти.
27-октябрда “Түндүкэлектр” ишканасынын башкы директору Доскул Бекмурзаевдин ордуна Улан Астакулов дайындалган.

“Түндүкэлектр” ишканасынын жумушчулары Өкмөт үйүнүн алдына бүгүн митингге чыгышты. Алар мурунку директор Доскул Бекмурзаевди кайрадан кызматына коюусун талап кылышты.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты