​Галина Байтерек Президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

  • 3 года мурун

Галина Байтерек Президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 29-октябрда кол койду.

Галина Байтерек 1971-жылдын 19-июлунда туулган. . 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн.

Ал КТРК жана ЭлТР каналдарында алып баруучу жана автордук программалардын уюштуруучусу болуп иштеген.

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун учурундагы басма сөз катчы Толгонай Стамалиева кызматынан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты