​Экономикалык амнистияны азыр ишке ашыруу мүмкүн эмес

Премьер-министр Садыр Жапаров 21-октябрда расмий түрдө экономикалык мунапыс жарыялаган. Бирок бул мунапыстын мыйзам катары күчү жок экени, стратегиялык жактан толук иштелип чыкпаганы айтылууда. Экономикалык амнистия деген эмне жана ал кантип ишке ашарын текшерип көрдүк.

Садыр Жапаров өз билдирүүсүндө коррупционерлерге, мыйзамсыз жол менен байыган мурунку аткаминерлерге, мүлкүн жашырган ишкерлерге кайрылып, аларга 30 күн берерин билдирген. 30 күн ичинде ачыкка чыккан мүлктөр менен кирешенин кол тийбестигине кепилдик берип, барына админстративдик жана экономикалык кечиримдер болорун айткан. Экономикалык амнистиянын максаты катары дефицит болуп жаткан бюджетти толтуруу жана кошумча киреше алуу көрсөтүлгөн.

Коррупционерлер кечирилеби?

Экономикалык амнистия — жарандардын экономикалык кылмыштарын кечирүү. Башкача айтканда жаран буга чейин жашырып жүргөн мүлктү же кирешени ачыкка чыгарган учурда, ага карата жаза колдонулбайт.

Бирок КРнын мыйзамынын 7-беренесинде мунапыс колдонулбай турган пункттар камтылган. Алардын катарында коррупционерлер, жооптуу абалын кыянаттык менен колдонгондор, жоопту абалды ээлеген кызмат адамынын пара алуусуна мунапыс колдонулбары көрсөтүлгөн. Коррупция мыйзам боюнча жазык кодексинде каралат.

Бирок, Садыр Жапаров коррупционерлерге, кирешесин жашырган ишкерлерге мунапыс берерин убадалаган.

Амнистиянын юридикалык күчү барбы?

Коомдук активист, юрист Таттыбүбү Эргешбаеванын айтымында азыркы абалда бул сыяктуу иштер болбошу керек эле:

Садыр Жапаровдун кылып жаткандары биринчиден — поппулизм, экинчиден — кызмат абалынан аша чапкандык. Амнистия жарыялоо соттун милдети, премьер-министрдин же президенттин милдетин аткаруучунун компетенциясына кирбейт. Көп учурда популистттик маанайдагы политтехнологиялар жүрүп жатат. Жанында жүргөн адамдар туура эмес кеңештерди берип жатышат. Элди манипуляциялоо деп караса да болот”, — деп билдирди. Мунапыс берүү субьектиси болуп, кылмыш иши боюнча анын өндүрүшүндө турган сот эсептелери КРнын мунапыс берүү негиздери жана колдонуу тартиптери жөнүндөгү мыйзамдын 10-беренесинде жазылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев:Экономика жана фиксалдык комитетинде бул мыйзам долбооору каралган. Ал жерде эрежелер так эле жазылган. Экинчи окуудан өтүп, үчүнчү окуу калды. Бирок, менимче амнистия толук ишке ашпайт. Себеби, мамлекетке ишенген бизнесмендер жок калды”, — дейт.

Таттыбүбү Эргешбаева: “Бул мыйзамды Конституциялык палатага экспертизага бериш керек. Бирок, сот системасы буга чейин өзүн көрсөткөн. Чындык үчүн айтып коюшубуз керек, Садыр Жапаровдун жанындагы адамдар репутациясын дискредитацияга түшүрүп жатышат”, — деп билдирди.

Азырынча амнистия жөнүндө токтом жарыялана элек. Амнистия, амнистия жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирген күнгө чейиинки бардык жасалган кылмыш иштерине карата колдонулат. Демек, коррупцияга шектелип жаткан Раим Матраимов сыяктуу коррупционерлерге да кечирим берилеби? Суроо ачык бойдон калууда

30 күндүк амнистия болбойт

Экономика министрлигинин мурунку орун басары Элдар Абакировдун биздин редакцияга билдирген маалыматы боюнча 30 күндүк амнистия дүйнөлүк практикада болбогонун айтты:

Садыр Жапаров жарыялаган экономикалык амнистиянын максатын түшүнгөн жокмун. Дүйнөлүк алкакта 2001-2002-жылы Италияда болуп, бюджетке 12млрд$ түшкөн. Биздин шартта эки жолу болгон, бирок ойдогудай жыйынтык алып келген эмес. Ачык иштегендерге көмүскөдө иштегенлдерге караганда басым көбүрөөк. Эмнеге көмүскөдөн ачыкка чыгып жатканын ишкерлер түшүнүшү керек. Ошондой эле, мындан нары салык төлөбөй жашай албайсың деген мамлекет тараптан белги болуш керек. Муну автомитизация аркылуу ишке ашырса болот. 30 күн ишкерлер үчүн болбойт, кеминде жарым, бир жыл болуусу керек. Себеби, убакыт талап кылган процесс”, — деп билдирди Абакиров.

Аталышы экономикалык амнистия болбогону менен, бул сыяктуу демилгелер буга чейин да болуп келген. 2007-жылы КР Өкмөтү көмүскөдөгү экономиканы легализациялоо программасын иштеп чыккан. 2009-жылы мүлктү, билдирилбеген салык жана бажы милдеттенмелерин легалдаштыруу жөнүндө мыйзам иштелип чыгып, ал кездеги президент Курманбек Бакиев кол койгон. 2013-жылы Экономика министрлиги киреше жана мүлктү легализациялоо жөнүндөгү мыйзамды 2014-жылга чейин узартууну сураган. Бирок көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишке ашырылган мыйзам долбоорлорунун бири да жемишин берген эмес.

Ал эми Садыр Жапаровдун кыска убакта, көптөгөн талаптар менен жарыялаган амнистиясы кандай жыйынтыкка алып келет? Коррупция менен күрөшүүдө эффективдүүлүгүн көрсөтөбү же тескерисинче коррупционерлерди жоопкерчилигинен бошотобу?

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты