Жоошев: Атамбаевди Бишкектеги № 1 тергөө абагынын жер төлөсүнө камашты

  • 3 года мурун

Адвокат Замир Жоошев “Апрель” телеканалына маалымдагандай, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Улуттук коопсуздук комитетинин абагынан Бишкектеги №1 тергөө абагына которушту.

“Аны жер төлөдө кармап жатышат, ал жакта мурда өлүм жазасына тартылгандарды кармашчу. Буга чейин камерада эч ким болгон эмес. Ал жакка бүгүн гана жылуулук берди, канализациясы иштебейт, камеранын эшиги дайыма ачык турат. Алмазбек Атамбаев ачкачылык жарыялады, — деп билдирди Замир Жоошев.

Адвокаттын айтымында, Атамбаевдин саламаттыгы жакшы эмес, бронхит жана жүрөк оорусу бар.

10-октябрда улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Алмазбек Атамбаеди кармаган. Маалыматка ылайык, Алмазбек Атамбаевди жана анын жансакчылары Канат Сагынбаевди, Дамира Мусакеевди кармаган. Алмазбек Атамбаев «массалык чагымчылдыкты уюштуруу» боюнча айыпталганы айтылды.

Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда Бишкекте митингге чыгып, анын аягы башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын имаратын, УКМКны ээлеп, камактагы бир топ саясатчыларды, аны ичинде Алмазбек Атамбаевди бошоткон.

Окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты