​Жогорку Кеңештин акыркы чечимдери мыйзамсыз

Аналитика

Бүгүн, 26-октябрда, Көз карандысыз юридикалык бирикменин мүчөлөрү “Парк” отелде акыркы убакытта кабыл алынып жаткан мыйзамдардын, соттук чечимдердин мыйзамдуулугу тууралуу брифинг өткөрдү. Брифингде шайлоо мыйзамдарынын, Конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүлөрүнө, БШКнын чечимдерине юристтер тарабынан баа берилди.

Жогорку Кеңештин чечимдеринин юридикалык күчү жок

22-октябрда Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамын үч окуудан кабыл алган. Бул өзгөрүүнү “Адилет укуктук клиникасы” коомдук фондунун мүчөсү Искендер Какеев мыйзамсыз деп билдирди.

Анын айтымында: “Бул мыйзам долбоорун кабыл алып жатып, депутаттар бир канча мыйзамды бузушту. Биринчиден депутаттар Жогорку Кеңештин иштөө мөөнөтүн узартууда Кыргыз Республикасынын “Жогорку Кеңеш регламенти” тууралуу мыйзамды бузушту.”, - дейт Искендер Какеев.

Ошондой эле Искендер Какеев Жогорку Кеңеш бул мыйзамды кабыл алып жатып, Кыргыз Республикасынын “Укуктук ченемдик актылары” жөнүндө мыйзамын бузулганын белгиледи: “Бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 22-октябрда кирген, 23-октябрда коомдук талкууга чыгарылышы керек болчу. Коомдук талкууга чыгарып жатканда, бул өзгөрүүлөр эмне максатта киргизилип жатканы, ичинде кандай өзгөрүүлөрдү камтылганы тууралуу маалымат бериш керек болчу. Бирок, депутаттар Бир күндө мыйзамды 3 окуудан өткөрүп салышты. Бул жерде да жарандардын мыйзамдарды чыгарууда талкууга катышуу укугу бузулган.”

Мындан сырткары Искендер Какеев Жогорку Кеңеш 28-октябрдан кийин мыйзам кабыл ала албагандыгын, Референдум жана шайлоо мөөнөтүн аныктай албагандыгын билдирди.

БШКнын чечимдери мыйзамдуу

Юрист, Конституциялык укук боюнча эксперт Сания Токтогазиева Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүү тууралуу чечими дагы деле күчүндө экенин айткан:

“Жогорку Кеңеш “Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алганына карабай, БШКнын кайра шайлоо өткөрүү туралуу чечими күчүндө. Анткени БШК өз чечимин бул мыйзам кабыл алынганга чейин жарыялаган. Ошондой эле, кабыл алынган мыйзамдын ичинде мыйзамдын артка иштеп-иштебеси жазылган эмес жана бул мыйзам “Эркин-Тоо” гезитинде жарыялана элек. Демек бул мыйзамдын юридикалык күчү жок.”, - деди Сания Токтогазиева.

Сания Токтогазиева Бишкек шаарынын административдик сотунун БШКнын чечими тууралуу чыгарган өкүмүнүн күчү жок экенин айтты:

“24-октябрда Бишкек шаарынын административдик соту БШКнын парламенттик шайлоонун кайра дайындоо чечимин БШКнын 4-октябрда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарбаганына жана Жогорку Кеңеш 22-октябрда кабыл алган мыйзамга таянып жокко чыгарган. Бирок, БШК 4-октябрда болуп өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарган, Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам күчүнө кире элек. Ошондой эле, азыр БШКнын мүчөлөрүн ИИМ суракка чакырып жатат. Аларга ишти Башкы прокурор гана козгой алат. Бул “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамында жазылган.”

БШКга кысым болуп жатат

Жыйындын дагы бир катышуучусу, юрист жана адвокат Айжан Орозакунова БШКга жүргүзүлүп жаткан иш тууралуу комментарий берди. Анын айтымында БШКга жана анын мүчөлөрүнө тергелип жаткан ишти тийиштүү эмес орган тергеп жатат: “Азыр БШКга Башкы прокурордун демилгеси менен “Шалаакылык” беренеси боюнча ИИМ тарабынан тергөө алдындагы иштер башталганын ИИМдин өкүлү Жогорку Кеңеште билдирген. “Шалаакылык” беренеси - өзүнүн ишин так аткарбоо дегенди билдирет. Бул берени УКМК тергеш керек. Бул жерде ким тарабынан шалаакылык болуп жатканын аныкташ керек”, - дейт Айжан Орозакунова.

Муну менен бирге Айжан Орозакунова БШК коллегиялык орган экенин белгилеп, бардык чечимдер БШК мүчөлөрүнүн добушу менен кабыл алынаарын билдирди.

“Азыр добуш сатып алуу, админресурс колдонуу боюнча да БШК мүчөлөрүнө айып коюлуп жатат. Бирок, 4-октябрда ким тарабынан добуш сатып алуу, админресурс колдонуу болуп жатканын ЖМК жана жарандык коом көрсөтүп турду. БШК тарабына андай арыздар келген жок. Ошондой эле, БШК тууралуу мыйзамда БШК мүчөлөру эмненин негизинде тандалаары так жазылган. Ошол эле мыйзамда БШК ишине өкмөт же башка күчтөр тарабынан кийлигишүү БШКга болгон басым деп кабыл алынат”, - дейт Айжан Орозакунова.

БШКнын курамы өзгөрбөс

“Прецендент” партнердук тобунун мүчөсү Бекболот Касаболотов БШК Конституциялык укук статусуна ээ жана легитимдүү орган экендигин белгиледи.

Конституциянын 106- беренесинде БШКнын статусу так жазылган. БШКнын курамы Парламенттин көпчүлүк коалициясы, оппозициялык азчылык жана Президент сунуштаган өкүлдөрдөн куралат. Бирок БШКнын ишмердүүлүгү Парламенттин таркашы менен же Президент өз мөөнөтүнөн эрте ыйгарым укуктарын токтоткон учурда токтотулбайт деп “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын 5 беренесинин 7 бөлүгүндө жазылган”, - дейт Бекболот Касаболотов.

Бекболот Касаболотов БШКнын курамын өзгөртүү жолун айтты: “БШКнын мүчөлөрүн артка кайтаруу деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жок. “Жогорку Кеңештин регламенти тууралуу” мыйзамынын 125-беренесинде БШКнын курамын өзгөртүү сунушун ЖКнын 2 комитети, 2 фракциясы киргизет. Ошондой эле ал сунуш “БШК тууралуу” жана “Укуктук-ченемдик актылар” мыйзамдарынын нормаларына дал келиш керек”, - деди.

Ошондой эле, азыр БШКнын курамын өзгөртүү аракети - БШКнын ишмердилүүгүнө тоскоол кылуу деп баалады Б.Касаболотов: “БШКнын курамын шайлоолор учурунда Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучу тарабынан өзгөртүү аракетин БШКга болгон басым деп эсептейбиз жана анын курамы өзгөртүлбөш керек”.