БШК: Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү 15-ноябрга чейин болот

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү шарттары тууралуу айтты.

Ал президент мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтоткон учурда Жогорку Кеңеш бир жума ичинде жаңы президенттик шайлоону белгилей турганын, бирок мындай болбогонун, ошондуктан шайлоо автоматтык түрдө жарыяланганын белгиледи.

«Мындан соң БШК эки күндүн ичинде так датаны аныкташы керек. Бул норманын негизинде БШК 24-октябрда президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.

15-ноябрга чейин талапкерлер көрсөтүлөт, аларды саясий партиялар менен жарандар көрсөтө алат. Азыркы учурдаарыз түшө элек», — деди Бекматов.

Ал БШК талапкерлердин документтерин 7-декабрга чейин кабыл аларын кошумчалады. Мындан тышкары талапкерлер 30 миңден кем эмес кол топтоп, БШКга 3-декабрга чейин өткөрүп бериши керек.

БШКнын 24-октябрдагы жыйынында Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразылык акциялары жапырт башаламандык менен коштолуп, анын акыры бийлик алмашуу менен аяктады.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министр кызматына бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты