​Эркин Асрандиев жаңы өкмөт курамына эмнеге кирбегенин түшүндүрдү

  • 3 года мурун

Экс-вице-премьер Эркин Асрандиев жаңы өкмөт курамына кирүүгө эмнеге баш тарткандыгынын себебин түшүндүрдү. Анын пикиринче, премьер-министр Садыр Жапаровдун кадыр баркы-күмөн жараткандыктан, жаңы өкмөт курамына кирүүдөн баш тарткан.

— Менин кайра бекитилген өкмөттүн курамынан эмнеге кеткендигим тууралуу көп суроолор түшүп жатат.

2013-жылы мен “Ысык Көл инвестбанкка” консерватор болуп ишке орноштум. Мен анда Азия универсал банк”, “Манасбанк” ж.б. байланышкан мыйзамсыз операциялары боюнча документтерди көрдүм.

Бул операциялардын баары Максим Бакиев жана анын тегерегиндегилер менен байланыштуу деп айтууга негиз бар деп эсептейм.

Операциялардын баары Райкүл Жапарованын жетекчилиги учурунда жүргүзүлгөн. Банк дээрлик анын колунда эле. Садыр Жапаров бул тууралуу билбей коюшу мүмкүн эмес болчу. Ал учурда Садыр Жапаров Курманбек Бакиевдин кеңешчиси, коррупциянын алдын-алуу агенттигин жетектеген.

Менин оюмда кадыр-баркы шек жараткан мындай кишинин жетекчилиги алдында иштеше албйм.

Баарыңыздардын колдооңуздарга рахмат. Мамлекеттик кызматта чынчыл квзматкерлер да көп. Андай катмардагы мен иштешкен кызматкерлердин баарына ыраазылыгымды билдирем.

Бул билдирүү саясий максатты көздөбөйт, жөн гана пикир билдирүү, -деп жазды Эркин Асрандиев социалдык тармак баракчасына.

14октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн курамын жана программасын бекитүү үчүн кезексиз отурумга чогулган. Садыр Жапаров депутаттарга өкмөттүн курамын сунуштаган. Анда мурдагы вице-премьер Эркин Асрандиевдин ысымы аталган эмес. Садыр Жапаров Эркин Асрандиевдин кызматтан кетүү тууралуу айтканын билдирген.

14-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынында Садыр Жапаров баш болгон өкмөттүн курамы бекитилди.

Президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан баш тартып, анын милдетин премьер-министр Садыр Жапаров аткара турган болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты