​Административдик сот БШКнын парламенттик кайра шайлоо дайындоо чечимин жокко чыгарды

  • 3 года мурун

Административдик сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга дайындаган чечимин жокко чыгарды.

Бул тууралуу БШК жыйынында төрайым Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Буга чейин “Актив” партиясы жана “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Бишкек шаарынын административдик сотуна кайра шайлоону өткөрүү боюнча БШК чечимине каршы доо менен кайрылганын айтты.

— Сот алардын доосун канааттандырып, парламентке кайра шайлоону жокко чыгарды — деди Нуржан Шайлдабекова.

БШК төрайымы бул маселе боюнча Жогорку сотко кайрылышарын билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону 20 -декабрда өтөт деп белгилеген. Бирок Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.

Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты