«Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасы менен үч мамлекетте билим алып жаткан Аиданын баяны

.

«Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасы менен үч мамлекетте билим алып жаткан Аиданын баяны

«Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасы аркылуу окуунун талаптары:

«Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасы менен магистратурага гана тапшырууга болот;

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун сайтына кирип коюлган талаптарды так аткаруу зарыл;

Англис тилин билүүсү шарт;

Англис тилинде жазылган эки дилбаян;

Бакалаврдын диплому жана баалар көрсөтүлгөн транскрипт керек;

Жаш курагына чек жок;

Ден соолугу окууга тоскоолдук жаратпашы керек;

Окуудагы жетишкендиктери жогору болушу керек (диплом, сертификат, грамота жана башка).

Мүмкүнчүлүктөр:

Стипендиянын негизинде бекер саякаттап билим алышат;

Ар бир семестрде үч мамлекетке барып билим алышат;

Тамак-аш, батир жана башка чыгымдар үчүн айына 95 миң 774 сом (1000 евро) стипендия;

Башка өлкөгө виза жана саякаттоо үчүн айына 670 миң 419 сом ( 7000 евро) стипендия;

Ден соолугу камсыздандырууга алынат;

Кошумча маалымат программанын расмий сайтында.

«Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасы Ирландияда, Дублин университетинде окууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондей эле Шотландиядагы Глазго университетинде, Чехиядагы Чарльз университетинде окушат. Окуудан тышкары студенттер саякаттай алышат. Бул программа аркылуу үч мамлекетти кыдырып, билим алып жаткан Аида Ниязбек кызынын баяны.

Аида Ниязбек кызы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында туулган. Үй-бүлөдө беш бир туугандын улуусу. Учурда Чехияда, Прага шаарында Чарльз университетинде алмашуу программасы менен окуп жаткан студент.

«Мен тандаган тармакта, ой жүгүртүү жана терең анализ кылуу маанилүү»

— Ирландиядан Дублин шаардык университетинде, Чехиянын Чарльз университетинде жана Шотландияда Глазго университетинде билим алам. Бул жакта «Эл аралык коопсуздук, чалгындоо жана стратегиялык изилдөөлөр» программасын тандап, ошол боюнча окуйм. Бул жакка тапшыруумдун себеби, билимимди дагы тереңдетким келди. Мен тандаган тармакта ой жүгүртүү жана терең анализ кылуу маанилүү. Ал эми бул багытта Европанын билим берүү системасы жакшы экендиги сыр эмес. Андан сырткары чет өлкөдө билим алуу менен кошо келген кыйынчылыктар, аң-сезимди өстүрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, өз алдынча жашоого жакшы даярдайт деп ойлойм.

«Лицейде окуп жүргөндө АКШда бир жыл окуп келдим»

— Мен 9-класска чейин айылымдагы М.Жаманкулов атындагы орто мектепте окудум. 10-классымда Ош шаарындагы У.Салиева атындагы лицейге которулдум. Ал жакта билим берүү тармагы айылдыкына караганда жогору болгондуктан башында бир аз кыйналдым. Лицейде төрт тармакка басым жасап, сабак өтүлчү. Мен англис тилин жакшы көргөндүктөн ошол тармакты тандадым. Ошол эле жылы лицейдин ичинде «FLEX » программасына өтүү үчүн даярдык көрө баштадым. Бул программа 15-17 жаштар арасында окуучуларды АКШга бир жылга окууга жөнөтөт экен. Программадан өтүү үчүн 3-4 этаптан турган экзаменге катыштым. Сынактан өтүп АКШга бир жыл окуп келгем. АКШда кадимкидей эле америкалык балдарга кошулуп мектепте окудум.

«Университетти кызыл диплом менен бүтүрдүм»

— Америкадан окууну бүтүп келген соң Кыргыз-Түрк Манас университетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнө тапшырдым. Университетти эң жакшы окуп, кызыл диплом менен бүтүрдүм. Университеттен окуп жүргөндө окуудан сырткары ар кандай иш-чараларга катышып жүрдүм. «AIESEC» жаштар уюмунда 3 жыл иштедим. Университеттин ичиндеги «Эл аралык мамилелер» клубунда бир топ иш-чараларды ишке ашырууга жардам бердим жана «ORASAM» аттуу изилдөө борборунда студент катары иштей баштадым. 2017-жылы Кыргыз-Түрк Манас университетин кызыл диплом менен аяктап, ошол эле университетке изилдөө борборунда жумушчу катары ишке алындым.

«Европада билим алгым келип, ар кандай программаларды изилдей баштадым»

— Ал жерде бир жыл иштеген соң Эл аралык билим берүү боюнча Америка Кеңешинин долбооруна жумушка кирүү үчүн билдирме таштадым. Ошол эле жылы магистратурага тапшыруунү ойлонуп, чет өлкөдөн окугум келди. Европада окугум келип, көптөгөн программаларды изилдей баштадым. Магистратура үчүн программалар аябагандай көп экен. «Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасында же ЕККУ академиясына экзамен тапшырууну чечтим. Мен каалаган программа экен.

«ЕККУ академиясына дагы экзаменден өттүм»

— Бул программага тапшыруу үчүн биринчи Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун сайтына кирип, коюлган талаптарды жана документтерди тапшырдым. Эгер бул уюм программага тапшырууга татыктуу деп чечишсе, англис тил сынагына чакырышат экен. Бардык талаптарын аткарып сынакка чакыруу алдым. Сынак TOEFL PBT негизинде өткөрүлдү. Андан сырткары программага тиешелүү эки дилбаян жаздым. Дил баянды жарактуу деп чечишип, баарлашууга чакырышты. Баарлашууда профессорлор менен таанышып, тармакка тиешелүү суроолорду беришти. Сынак оор эле болду. Бардык сынактардан өткөндөн кийин август айында даярдоо курсун окутушат.

«Бир учурда эки программага тапшырып, экөөнө тең өттүм»

— ЕККУ академиясында билим алуу акысыз. Андан сырткары айына 300 евро төлөп берет. Эгерде окууну жакшы окусаң жайкы практикага Европа шаарларында жайгашкан ар кайсы эл аралык уюмдарга жөнөтүшөт. Академия өзүнүн бүтүрүүчүлөрү үчүн жакшы жумуш шарттарын түзүп берет. Бирок мен бир учурда эки программага тапшыргам. Биринчиси — ЕККУ академиясы, экинчиси — «Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасы. Бирок мен «Erasmus Mundus Masters Joint Degrees» программасын тандадым. Себеби окуудан сырткары саякаттоо мүмкүнчүлүгү бар экен. Экзамендери оор болду. Мен стипендиялык программага тапшырганым үчүн жыйынтыгы 5-6 айдан кийин келди. Себеби бул программага дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер катыша алат. Бирок бул стипендияга 20 гана студент тандалып алынат экен. Ошентип, бул программага бюджеттик орунга илинип калдым.

«Төрт университет биригип, программа сунушташты»

— Мен тандаган «Erasmus Masters Masters Joint Degrees» » программасынын өзгөчөлүгү -Европа өлкөлөрүндөгү 3 университет биригип, программа сунушташы болду. Мисалы, мен тапшырган программага Европадагы үч университет катышат. Ар бир семестрде ар башка университетке барып окуйм. Айына тамак-ашыма жана батир үчүн 1000 евро стипендия, 7000 евро башка өлкөгө баруу үчүн берилет. Окууну бүткөндөн кийин эл аралык даражадагы дипломго ээ болом.

«Көнүп кетүү оор болду»

— Биринчи Шотландияда 1 семестр окудум. Бул жакка келгенде кыйынчылыктар абдан көп болду. Окуу системасы башка болгондуктан, көнүп кетүү кыйын болот экен. Окуу системасы биздикинен бир топ өйдө турат. Профессорлор билим беришет. Эмне кылуу экенин айтып турушат. Маданияты, эли башкача болушат. Англис тилин жакшы билгендиктен тилден кыйналган жокмун.

«Чоң максаттарды коюу керек»

— Жаштарга убакытты туура колдонуп, өзүн өнүктүрүүгө жана чет тилдерди үйрөнүүгө коротууну сунуш кылам. Активдүү болуп, коомго пайдалуу иш-чараларга катышуу да дайыма жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жана жаңы тааныштарды алып келет. Коркпостон алдыга чоң максаттарды коюу керек. Мен жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп-өсүп, айыл мектебимден алган билимим менен ушул мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алган болсом, башка жаштардын да колунан келет деп ишенем.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты