Бурул Макенбаева: БШКны тинткен ИИМдин иш-аракетин тоскоолдук катары баалайбыз

  • 3 года мурун

Укук коргоочу Бурул Макенбаева БШКга келип, 3-июлдан берки аларын документтерин тинткен ИИМ өкүлдөрүнүн иши укуктук жагынан туура эмес экенин, бул боюнча милицияга кайрылыша турганын билдирли.

-Шаардык милиция чакырылды. Бул окуя кылмыштар жана жоруктар реестрине катталышын талап кылабыз. БШКга келген кишилер ИИМ кызматкерибиз деп өздөрүн тааныштырып жатат. Алар мамлекеттик конституциялык органдын документтерин тинтип, алып жатышат. Адвокаттар белгилегендей, Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин алардын тергөөгө акысы жок. Экинчиден, кайра шайлоо жарыялангандан кийин укук коргоо же башка органдар тарабынан БШК кысымга алынбашы керек.

Биз укук коргоо органдарынын бул иш-аракеттерин БШК ишине тоскооолдук кылуу, анын ишин жүргүздүрбөө катары баалайбыз, Алар БШК кызматкерлеринин сааттап алагды кылып, суракка алып жатышат. Бул- мыйзамсыз.

Бүгүн, 23-октябрда, Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын Свердлов райондук бөлүмүнүн кызматкерлери Борбордук шайлоо комиссиясынын 3-июлдан берки документтерин тинтүүгө алып жаткандыгы кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты