​Жарандык көзөмөл комитети: Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаттарынын конституциялык реформа жасоого укугу жок

  • 3 года мурун

Жарандык көзөмөл комитети Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары конституциялык реформа жасаоого укугу жок экенин билдирип, депутаттардын таркап кетишин талап кылды.

-Алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүүгө моралдык да, саясий да, укуктук жактан да укугу жок.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялаган кайра шайлоого көмөкчү болуунун ордуна алар кыргыз элинин алдында кылмышка барышууда. Атамбаевге, Жээнбековго бийликти басып алууга жардам бергендер эми Садыр Жапаровго да ошондойду жасап жатышат.

Алар өз капиталын коргоп калуу үчүн Конституцияны бузуп, мамлекеттүүлүккө шек келтирүүгө жол берүүдө.

Конституциянын 70-беренесинле Жогорку Кеңештин депутаттары пропорционалдык система боюнча беш жылдык мөөнөткө шайланат деп жазылган. Алтынчы жылга алардын полномочиесин узартууга эч кимдин укугу жок.

БШК шайлоонун датасын белгиледи, мыйзамдын артка кайтуу күчү жок.

Бул чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депуттарынын мыйзам боюнча конституциялык реформа жасоого укугу жок. Аны менен жаңы чакырылыштын депутаттары алек болушу керек, -деп билдирди Жарандык көзөмөл комитети.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду.

Мыйзамга ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат.

Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты