​Путин Кыргызстандагы соңку окуяларга көз карашын билдирди

  • 3 года мурун

Орусиянын президенти Владимир Путин 22-октябрда «Валдай» эл аралык талкуу клубунда Кыргызстандагы соңку окуяларга көз карашын билдирди:

«Менимче ал жакта болуп жаткан окуялар — Кыргызстандын, кыргыз элинин шору. Шайлоо сайын төңкөрүш болот. Бул күлкү эмес. Билесиздерби, бул эмнени айгинелейт? Көп мамлекеттер мамлекеттүүлүктү түптөө, өнүгүү маданиятындагы алгачкы кадамдарын шилтеп жатышат».

Путин өз сөзүндө Кыргызстандын ички ишине кийлигишпей тургандыгын баса белгилеп, ошол эле мезгилде Кыргызстанга Орусия көрсөтүп жаткан жардамды санады:

«Кыргызстан ЖККУнун, ЕАЭБдин мүчөсү болгону мени кубандырат. Биз Кыргызстан тыңып кетишине жардам бериш үчүн көп иш кылдык. Кыргызстандын экономикасына, ар кыл тармактык өндүрүшүнө көп колдоо көрсөттүк, ЕАЭБге ыңгайлашуусуна шарт түзүш үчүн жүз миллиондогон долларларды бөлдүк. 500 миллион долларлык долбоорду ишке ашырдык. Бул эми ондогон миллион гранттарды кошпогондо, акыркы убактарды эле айтып атам. Бирок, албетте ал жакта (Кыргызстанда — ред.) болуп аткан окуяларга өкүнбөй, кооптонбой карай албайбыз. Бирок, көңүлүңүздөрдү буруп коеюн, биз ал жакка кайсы бир саясий күчтөрдү колдоо үчүн кеңешибизди, насаатыбызды берет элек деп кийлигишип, киришпейбиз. Биз Кыргызстанда бардыгы калыбына келет, өнүгөт, биз эң жакшы мамилелерибизди сактап калабыз деген ойдобуз».

Кыргызстандын 15-октябрдан кийин келген жаңы бийлиги менен өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болуп саналган Орусиянын бийлиги бийик деңгээлде диалог түзө элек. Расмий маалыматтарга караганда эки тараптуу дипломатиялык алакалар тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жүрүп жатат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

Башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган.

2017-жылы алты жылга шайланган Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын мөөнөтүнөн мурда, 15-октябрда тапшырып берди. Мамлекет башчынын милдетин азыр 6-октябрдагы тополоң учурунда тарапкерлери түрмөдөн бошотуп, парламент жана мурдагы президент премьер-министрлик кызматка бекиткен Садыр Жапаров аткарууда.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты