​Садыр Жапаров: “Бут тосуу болбосо, Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат”

  • 3 года мурун

Президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылып, шайлоолор март айына чейин өткөрүлөрүн жана эл каалагандай Баш мыйзам кабыл алынарын билдирди.

-Урматтуу кыргызстандыктар! Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.

Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот, -деди.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кыргызстандын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө”

конституциялык мыйзамга 22-октябрда кол койду.

Мыйзамды 22-октябрда Жогорку Кеңеш кабыл алган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген болчу.

Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты