Парламенттик кайра шайлоону токтотуу, Конституциялык реформа боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттик шайлоону токтото туруу, Конституциялык реформа жасоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоору биринчи, экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алынды.

Бүгүн, 22-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамынын долбоору үч окууда каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Талант Мамытов, Канатбек Исаев, Өмүрбек Текебаев, Иса Өмуркулов, Алтынбек Сулайманов, Жыргалбек Турускулов, Нурбек Алимбеков жана Өмүрбек Бакиров тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган депутат Акылбек Жапаров аталган конституциялык мыйзам бир катар жагдайларга, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу сунушталып жатканына токтолуп: «Партиялык системага негизделип 2020-жылдын 4-октябрында өлкөдө болуп өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо натыйжасыз болду жана БШК шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарды.

Элдик толкундоолордун натыйжасында өкмөт кызматтан кетти. Конституцияга ылайык, жаңы өкмөт түзүлдү. иштеп жаткан Президент 2020-жылдын 15-октябрында кызматтан кетүүгө мажбур болду. Жогорку Кеңештин төрагасы Президенттин ыйгарым укуктарын кабыл алуудан баш тартты. Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруу иштеп жаткан бийликтин кызматтан кетүүсүн жана конституциялык реформаны өткөрүүнү талап кылган коомдук толкундоолордун жыйынтыгында келген премьер-министрге өттү.

Азыркы учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын иши токтоп калган, Жогорку Кеңештин ишин жана Жогорку Кеңеш менен Президент жайгашкан имаратты калыбына келтирүү талап кылынат.

2020-жылга бюджеттин такталган тартыштыгы 36 млрд. сомдон ашты. Бул сумма КОВИД 19 пандемиясынын экинчи толкунуна карата чыгымдарды камтыйт. Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 450 млн. сомго жакын өлчөмдө зыян келтирилген. Келип чыккан кырдаалды чечүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону токтото туруу жана конституциялык реформа өткөрүү сунушталат, — деди. Акылбек Жапаров.

Жогорку Кеңеш конституциялык реформаны өткөрүү үчүн укуктук шарттарды түзүшү керектигин белгилеген мыйзам долбоорунун демилгечиси: «Ушуга байланыштуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын тиркелген долбоору иштелип чыкты жана кароого киргизилди» деп билдирди.

Мыйзам долбоору аркылуу “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу демилгеленип жатканын айтты:

-Мыйзам долбоорунун 2-беренесинде Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган, — деп кошумчалады.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев Баш мыйзамды өзгөртпөй туруу маанилүү экенине токтолсо, төраганын орун басары Аида Касымалиева мыйзам долбоору кабыл алынса депутаттар айлык маянасыз иштеши керектигин белгиледи.

Үч окууда добуш берүүнүн негизинде мыйзам долбооруна 83 депутат макулдугун берип, Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 22-октябрдагы, чукул жыйыны төрт сааттан ашык кечигүү менен башталды. Жыйында шайлоо күрөөсүн, шайлоо босогосун төмөндөтүү боюнча Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттардын мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Парламенттик кайра шайлоону БШК 20-декабрга белгилеген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты