Шайлоо босогосун, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды

Жаңылыктар

Шайлоо босогосун, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында 83 депутат катышып жатат.

21-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов баштаган депутаттар тобунун шайлоо босогосун 3%га, шайлоо күрөөсүн 1 млн сомго түшүрүүнү жана Форма-2ни жокко чыгарууну мыйзам долбооруна сунуш кылган өзгөртүүлөр күн тартибинде каралып, 1-окууда кабыл алынган. Аны 83 депутат колдогон.