Тилек Токтогазиевди айыл чарба министри дайындоо жарлыгы чыкты

Жаңылыктар

Тилек Токтогазиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалды.

Жарлыкка Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров кол койду.

Кечээ, 21-октябрда, Жогорку Кеңеш “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиевди айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министри кылып дайындоого макулдук берген.