Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткаруудан баш тартты

  • 3 года мурун

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин кызматын аткаруудан баш тартты. Мэрдин милдетин вице-мэр Алмаз Бакетаев аткарат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Түлеев премьер-министр Садыр Жапаровдун наамына арыз жазып, биринчи вице-мэрдин милдетин мурдагы мэрдин өтүнүчү менен аткарууга макулдук бергенин айтты.

Түлеев кызматтан кеткенине анын отставкасын талап кылган топтордун каршылыгы себеп болгонун кошумчалады.

“Ишке кирише электе эле мэрдин кызматынын айланасында ар кыл топтордун жана шектүү кишилердин айланасында ыплас оюндар болуп кетти. Ажаалданган кээ бири кол көтөргөнгө чейин барышты. Мен адамдардын өмүрүн тобокелге сала албайм, мэрдин милдетин аткаруудан баш тартам” деди Нариман Түлеев.

20-октябрда мэр Азиз Суракматов отставкага кетүүгө арыз берген. Мэрдин милдетин аткаруу укугу биринчи вице-мэр болуп дайындалган Нариман Түлеевге берилген. Түлеевдин мэрдин милдетин аткарышына каршы 21-октярда митинг уюштурулган.

Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген. «Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген» деп 11 жылга соттолгон. Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты