​Аалы Карашев: «Шайлоого бара турган аткаминерлер кызматтан кетиши керек”

  • 3 года мурун

Депутат Аалы Карашев парламенттик шайлоого бара турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматын тапшырып кетиши керек экенин билдирди.

-Эгер мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматын тапшырбай шайлоого бара турган болсо, кандай практика болорун, административдик ресурс колдонуларын, вице-премьер баш болуп шайлоого барганын көрдүк. Ошондуктан парламенттик шайлоого бара турган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер кызматын өткөрүп берүү керек деген сунушту шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөргө киргизиш керек, -деди Аалы Карашев.

Бүгүн, 21-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны болуп жатат.

Жогорку кызматтагы адамдар, аткаминерлер эмнеге парламентке шайлоого баратат?” деген теманын алдында сөз бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты