​​Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо шарты менен бошотулду

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов башка жакка чыкпоо шарты менен камактан бошотулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондк соту ошондой чечим чыгарды.

Коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, УКМКга жеткирилгени бүгүн, 20-октябрда, кабарланган.

Райымбек Матраимов коррупциялык иш-аракетинин натыйжасында мамлекетке келтирилген чыгымды- 2 млрд сомду төлөп берүүгө даяр экенин билдирген. Анын 80 млн сому УКМК эсебине түшкөндүгү маалымдалды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты